Мал базарында Орозо айт майрамына даярдануу. Архив

Айтка карата мал кымбаттадыбы? Бишкек жана аймактарда кой-козунун баасы

1147
(жаңыланган 21:26 22.05.2020)
24-май Орозо айтка карата Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек жана аймактардагы малдын, тагыраагы, сойгонго ылайыктуу кой-козунун наркын билди. Ошондой эле эттин наркына да кызыкты.

Айт майрамына карата малдын бардык түрүнүн баасын билүүгө аракет кылганбыз, бирок карантинден улам мал базарлардын баары жабылган. 21-майдан тарта алардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилгени менен саналуусу гана ачылып, көпчүлүгү жабык экен.

Кыргызстанда кой-козунун баасы

Бишкек шаарындагы "Нарбото" мал базарында көп жылдан бери кой-козу байлап саткан Бакытбек Аралбековдун айтымында, азыркы учурда кой-козунун баасы айтка карата 500-1000 сомго чейин кымбаттаган.

"Козу 5,5 миң сомдон жогору турат. Сойгонго ылайыктуу орточо токту 6 500 сомдун айланасында. Семизи, чоңуна карап кымбаттап кете берет. Эң кымбат чоң койлор 12 миң сомго чейин сатылууда. Негизи айт майрамынын алдында бир аз кымбаттачу, бирок карантин дагы кошул-ташыл болуп жазда малдын баасы түшкөн жок", — деди Аралбеков.

Аймактардагы жашоочулардын айтымында да малдын наркы өскөн. Алсак, Таласта семиз койлор 10 миң сомдон кем сатылбай жатса, токту-борук 7000 сомдон бааланып жатыптыр. Түштүк аймактарда мал Жалал-Абадда кымбатыраак. Токтулар 7000 сомдун тегерегинде сатылып, койлор 10 миң сомго чейин бааланып жатат. Ага салыштырмалуу Ошто сойгонго ылайыктуу токту-боруктар 5500 сомдон сатылып жатканы айтылды. Облустардан мал адаттагыдай Нарында арзаныраак. 6000 сомго токту, 8000 сомго чоң кой тапса болот. Ысык-Көл менен Таласта токту-борук 6000 сомдон 7500 сомго чейин бааланып жатканы айтылды.

Карантин учурунда малды кайдан алса болот?

Бишкек шаарында азыркы тапта "Ак-Бата" жаңы конушундагы "Нарбото" мал базары иштеп жатканын ал жактагы сатуучулар айтышты. Мындан сырткары "Эски толчок" районундагы мал базарда да жумуш жанданган. Шаардыктар малды ушул базарлардан ала алышат.

Ат-Башы районунда Муктаждарга төрт түлүк аттуу акциянын арты менен райондо аз камсыз жашаган 11 үй-бүлө малдуу болду
© Фото / предаставлено Ат-Башинской райадминистрацией
Ош шаарында мал базар жок болгондуктан, шаардыктар мал алуу үчүн калаага жакын жайгашкан Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак, Учкун айылдарындагы мал базарларга барышат.

Чүйдө дем алыш күндөрү "Токмок" ири мал базары иштээри айтылды. Ал эми Нарындагы эң чоң деп эсептелген "Ат-Башы" мал базарын жергиликтүү бийлик коронавирустан улам азырынча ачпай турууну чечкен. Мындан улам жашоочулар малды бири-биринен эле сатып алып жатыптыр.

Бишкекте карантинде үйдө жатып, "союлган даяр кой алам" дегендер үчүн да кызматтар иштейт. Кой-козу байлап сатып иштеген Бакытбек Аралбеков мындай кызмат канча турарын айтып берди.

"Бир койду союп, ичеги-карынын тазалап жеткирип бергени 350-400 сом. Куйкалатып сойдурган 700 сом, куйкалатып сойдуруп, бышырып, жеткирип берсе 1000 сом болот. Анда этти толугу менен бышырып, шорпосун куюп толук белендеп берет. Бул койдун баасынан сырткаркы нарк", — деди Аралбеков.

Эттин баасы

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда уй этинин бир килограммынын орточо баасы 361 сом, Бишкекте 367 сомдон сатылып жатат. Койдун этинин бир килограммын өлкө ичинде 348 сом, Бишкекте 346 сомдон алса болот. Ал эми жылкынын эти өлкө аймагында 328 сом, Бишкекте 324 сомдон сатылууда.

1147
Белгилер:
баа, козу, кой, базар, мал, Кыргызстан
Тема:
Орозо — 2020 (21)
Тема боюнча
Муфтият орозо маалында битир-садаганы үйдөн берүүнүн жол-жобосун айтты
COVID-19 оорукананын медициналык кызматкерлери

606 жаңы учур. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын статистикасы

7
(жаңыланган 11:28 25.10.2020)
Өткөн суткада COVID-19 жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусу менен Баткенде катталган. Оору аныкталган бейтаптардын ичинен 3 328и стационарларда, 3 156сы амбулатордук шартта дарыланышууда.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 606 адамдан коронавирус аныкталды. Ошол элде маалда 279 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Ага ылайык, өткөн суткада COVID-19 жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусу менен Баткенде катталган.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 88;
  • Ош – 36;
  • Чүй облусу – 29;
  • Ош облусу – 97;
  • Талас облусу – 24;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 41;
  • Жалал-Абад облусу – 184;
  • Баткен облусу – 105.

Айыккандар:

  • Бишкек – 53;
  • Ош шаары – 24;
  • Чүй облусу – 25;
  • Ош облусу – 73;
  • Талас облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 55;
  • Баткен облусу – 30.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 55 750гө жетти. Анын ичинен 47 616сы айыгып, 1 134 бейтап көз жумду.

Оору аныкталган бейтаптардын ичинен 3 328и стационарларда, 3 156сы амбулатордук шартта дарыланышууда.

Бир суткада 6 медиктен коронавирус табылган. Алар:

  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3.

Ошол эле учурда 15 медкызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

7
Белгилер:
бейтап, медик, оору, статистика, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды
Медицинский работник и пациент в палате интенсивной терапии во временном госпитале COVID-19 на ВДНХ в Москве.

Коронавирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды

11
(жаңыланган 11:30 25.10.2020)
Вирус 1 134 адамдын өмүрүн алды. Жуктургандардын саны 55 750гө жетсе, анын ичинен 47 616сы айыкты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан төрт адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

COVID-19дан көз жумгандардын жаңы учурлары:

  • Чүй облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1.
11
Тема боюнча
COVID-19: Бишкекте бош оруну бар ооруканалардын тизмеси