Акыры Тез жардам чакырдым. ЛОР-дарыгер COVID-19га кантип чалдыкканын баяндады. Видео

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWМедициналык кызматкер коронавируска үлгүлөрдү алып жатат. Архив
Медициналык кызматкер коронавируска үлгүлөрдү алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер ага жукпаса керек деген ойдо үйдө өз алдынча вируска каршы таблеткаларды ичип, дарылана берген. Акыры Тез жардам кызматын чакырууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Карантин башталгандан бери тынбай иштеп жүргөнбүз, мен караган балдарда COVID-19 чыкканын 3 күндөн кийин айтышты. Ал арада эки оорукана алмаштырдым. Бул тууралуу бишкектик ЛОР-дарыгер Зинагүл Камбаралиева айтып берди.

Медсотрудник Марс Тыналиев, который вылечился от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги
Эске салсак, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө жаткан бейтап балдардан, аларды караган энелерден жана медиктерден коронавирус аныкталган.

Ал Бишкектеги №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында  ЛОР-дарыгер, Эне жана баланы коргоо борборунда консультант-дарыгер болуп иштеп жүргөн. Камбаралиева окуянын чоо-жайын баяндап берди. 

Видео Саламаттыкты сактоо министрлигинин социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылган.

Дарыгер Эне менен баланы коргоо борборунун гематология бөлүмүндөгү балдарга кеп-кеңеш берип, карап келген. Соңку ирет 30-апрелде аларды көрүп, үйүнө кетип, ал эми 2-майда  кичинекей пациенттерден COVID-19 чыгып, дарыгердин алар менен байланышта болуп калганын айтышкан. Ошол күнү анализ тапшырып, үйүнө жиберилген.

Камбаралиевага 14 күн үйдө отурушун айтышкан.

“Үйдөн 5-май күнү абалым начарлай баштады. Өзүмдү жаман сезип, башым, буту-колум, булчуңдарым катуу ооруду. Мага жукпаса керек деген ойдо үйдө өз алдымча вируска каршы таблеткаларды ичип, дарылана бердим. Ага карабай демим кыстыгып, жөтөлүм басылбай койду. Кайра анализ бериш үчүн Тез жардам кызматын чакырдым”, — дейт ал.

Ошентип, бүгүнкү күнгө чейин дарыгер эки оорукана алмаштырган. Бул арада  Камбаралиева бир топ кыйналгандыгын жана күчтүү дарыларды алганын айтып берди. Учурда Бишкек шаарындагы  республикалык жугуштуу оорулар клиникасында жатат.

Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Үч күн тура албай ыйладым. Коронавирус жуктурган медиктин жан азабы
“Азыр абалым жакшы. Бүгүн, 22-майда, ПЦР-анализ тапшырдым, эртең дагы тапшырам. Таза чыгат деген үмүттөмүн”, — деп баары бир тынчсызданып күтүп жатканын айтты.

Сөз арасында дарыгер аталган ооруканадагы медиктерге – кесиптештерине анын ден соолугуна кам көрүп, дарылап жатканы, жылуу мамилеси үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстанды коронавирус каптагандан бери жалпы 266 медицина кызматкеринен COVID-19 табылса, анын ичинен 221 медик айыгып чыкты. Алардын арасынан бирөө каза болуп калды.  Бүгүнкү, 22-майдагы, маалыматтарда дагы тогуз медицина кызматкери аталган инфекцияны жуктуруп алганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0