Ыкчам штабдын чалуу борборунун кызматкери. Архив

Юридикалык акысыз кеңешти кайдан алса болот? Штаб жол-жобосун айтты

47
Юридикалык кеп-кеӊештерди акысыз түрдө кыргыз, орус жана англис тилдеринде "Жаӊы чечимдер" коомдук бирикмесинин тажрыйбалуу юристтери берет.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандыктар жана чет элдик жарандар 112 ыкчам байланыш номерине чалып акысыз юридикалык кеңештерди ала алышат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Аталган долбоор кыргызстандыктарды жана чет элдик жарандарды өз убагында ыкчам жана сапаттуу укуктук колдоо менен камсыздоо максатында ишке ашырылууда.

"Юридикалык кеп-кеӊештерди акысыз түрдө кыргыз, орус жана англис тилдеринде "Жаӊы чечимдер" коомдук бирикмесинин тажрыйбалуу юристтери берет", — деп жазылган маалыматта.

Консультацияны акысыз берүү кызматы жумасына алты күн (жекшембиден тышкары) 08.00дөн 20.00гө чейин иштээри айтылды.

47
Белгилер:
акысыз, ыкчам, номер, байланыш, кеңеш, юрист, кеп, Кыргызстан
Тема боюнча
Карантинде жардам сурап кайда кайрылса болот? Өлкө боюнча керектүү номерлер
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында

Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат

52
(жаңыланган 13:28 30.10.2020)
Айыл чарба министрлигинде ушуга чейин элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлерин текшерип жатабыз, натыйжасы жок иштеп жүргөндөр аныкталса жумуштан алынат. Бул туурасында министр Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушуга чейин министрликте элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес. Азыркы тапта санариптештирүү жана экспортко чыга турган товарлардын документтерин тез арада бүтүрүү боюнча аракеттер башталды.

"Бизде өз ишин мыкты билген адистер жетиштүү, ошол эле учурда эптеп эле иштеп жүргөндөр да бар. Андыктан учурда аудит жүргүзүп, ким эмне менен алектенип жатканын аныктап жатабыз. Жыйынтыгына жараша кадрдык чечимдер кабыл алынат. Жөн гана иштен кетирип салуу болбойт, эгер өз ишинин адиси болсо, аны менен иштешүүнү улантабыз. Мисалы, райондук агрардык башкармалыктар ишкерлер менен фермердин ортосуна көпүрө болуп, айыл чарба азыктарын сатууга шарт түзгөн менеджер болушу керек. Учурда алардын активдүүлүгү жетишпей жатат", — деди Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

Мындан сырткары, министр бир жарым жыл мурда министрликтин штаты 5000ден ашуун болгонун, бирок мурдагы жетекчилик позициясын коргой албай эки-үч бөлүккө бөлүнүп кеткенин белгиледи. Мындан улам 4000ден ашуун кызматкер Суу чарба агенттигине кеткен, Фитосанитардык, ветеринардык инспекциялар, алкоголдук продукцияларды көзөмөлдөө Айыл чарба министрлигине карабай калган.

Бүгүнкү күндө министрлик көбүнчө айыл чарба тармагын өнүктүрүү саясатын аныктап калганын айтат. Жалпы штаты 888 кызматкерден турса, анын 97си борбордук аппаратта иштейт.

52
Белгилер:
текшерүү, кызматкер, Тилек Токтогазиев, айыл чарба
Тема боюнча
БУУнун Азык-түлүк уюму Айыл чарба министрлигиндеги өзгөрүүлөрдү колдоого даяр
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты
Чек ара кызматкерлери. Архив

Чек арачылар Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен күчөтүлгөн тартипке өттү

53
Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагына чыгып, жоокерлерге 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара тилкелерин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө өттү. Бул тууралуу ведомство кабарлады.

Күчөтүлгөн режим президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кечээ 20.00дөн тарта башталды. Учурда чек араларда кырдаал туруктуу.

Баткендеги чек ара чыры: тажик тарап суу түтүктөрүн кайра ала баштады

Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен ыкчам маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара аракеттерди жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт.

Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагына чыгып, жоокерлерге 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

53
Белгилер:
чек ара, тартип, Мамлекеттик чек ара кызматы
Тема боюнча
Чечилбеген көйгөй болбойт! Жапаров Чек ара кызматынын төрагасына жолукту
Биринчи-вице-премьер Артем Новиков Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда

Артем Новиков Садыр Жапаровдон кийин президенттин милдетин аткарабы? Өзүнүн жообу

0
(жаңыланган 13:47 30.10.2020)
Первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков ответил на вопрос журналистов, займет ли он пост исполняющего обязанности президента после Садыра Жапарова.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Биринчи-вице-премьер Артем Новиков президенттин милдетин аткаруучулук боюнча өз пикирин айтты. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Артем Новиковдун биринчи-вице-премьер кызматындагы пландары" аттуу онлайн-брифинг учурунда сөз болду.

"Бул боюнча юристтердин жана себепчилердин ар кандай пикирлери бар. Ачыгын айтсам, менде президенттин милдетин аткаруучулукка чейин барууга саясий амбициям жок. Учурда менин алдымда финансы-экономикалык тармакта бир тарап тапшырмалар турат", — деди Новиков.

Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат

Эске салсак, өткөн аптада президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кийинки жылдын башында өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирген. Анын милдетин андан ары ким аткарат азырынча белгисиз. Ал эми премьердин биринчи орун басары болуп Артем Новиков иштеп жатат.

 

0
Белгилер:
саясат, экономика, президент, Артем Новиков, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров: Кыргызстанда бир гана тармак жабыркаган жок
Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео