Дезинфекция жүргүзүү. Архив

Коронавирустан качан арылабыз? Кыргызстандагы абал боюнча тексттик баяндама

542
(жаңыланган 14:08 23.05.2020)
Редакция салтка айланган тексттик баяндамасын улантат. Бул жерден окурмандар өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат ала алышат.

Өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайбай жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин пикиринде, буга элдин коюлган талаптарды, эрежелерди сактабай жатышы себеп.

Sputnik Кыргызстан агенттиги республика аймагындагы акыркы маалыматтар менен тексттик баяндамадан да бөлүшүп турмакчы.

Жаңы билдирүү
  • 14:08
    Через месяц этот пляж будет заполнен туристами

    Ысык-Көлдө жайкы сезон качан башталат? Расмий жооп

    Буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ысык-Көлдө эс алуу боюнча атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн экендиги айтылган.
    Дагы
  • 13:37

    Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров 1-июнга чейин райондогу ири мал базар иштебей турганын айтты. Бирок Бишкектеги "Аламүдүн" базары менен келишим түзүлгөнүн баса белгилеп, эт, мал саткан ишкерлер айылдарды кыдырып мал, тыбыт алып жатканын кошумчалады. Ошондой эле ал райондо курулуш иштери башталып, айрым айылдарда бала бакчалар салынып жатканын да айтып өттү.

  • 13:34

    Ат-Башыда коронавирус жуктурган бейтаптардын баары айыкты

    Район акими Нурбек Сатаровдун брифинг учурунда айтканына караганда аймакта жалпы 77 кишиден коронавирус табылган. Эми баары айыгып, акыркы бейтаптар кечээ, 22-майда, үйлөрүнө чыгарылды.

    "Кубанууга али эрте. Анткени обсервацияда жаткандар бар. Мындан улам ар бир жаранды тартипти сактоого чакырат элем. Биз тартип менен гана бул ооруну жеңип атабыз", — деди Сатаров.

  • 13:29
    Медсотрудник на санитарно-карантинном посту на въезде в город Бишкек

    КР бийлиги күзгө боолголонгон коронавирустун экинчи толкунуна даярдана баштады

    Ыкчам штабдын жыйынына медицина чөйрөсүндөгү окумуштуулар, Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 боюнча илимий-консультативдик эксперттик кеңеши чакырылган.
    Дагы
  • 12:24

    Мэр: Бишкекке COVID менен күрөшүүдөгү эң кооптуу этап келип калды

    25-майдан тарта борбор калаада экономикалык ишмердүүлүк жанданат. Мындан улам бул убакта борбор калаага коронавирус менен күрөшүүнүн эң кооптуу жана жоопкерчиликтүү мезгили келет. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

    "Азыр бийлик, шаардыктар, ишкерлер коронавируска жоопкерчиликтүү мамиле кыла турчу мезгил келди. Калаада коронавирус жуктуруп алгандардын саны арбын. Алсак, коронавирус аныкталган жалпы 348 учур катталган. Анын ичинен бүгүнкү күнү 224 киши айыгып, 124 бейтап стационарда дарыланууда. 348 киши 727 адам менен байланышта болушкан. COVID-19 аныкталган 348 бейтаптын ичинен 90у медицина кызматкерлери, 43ү ИИМ өкүлдөрү", — деди Суракматов.

    Мэр соода борбор, транспорттук уюм, спорт зал жана базарлардын жетекчилерине кайрылып, кокус алар оорунун очогу болуп кала турган болсо, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

  • 11:32
    Встреча первого рейса из Каира в Москву авиакомпании EgyptAir

    Санкт-Петербургдан келген курсанттар вирусту кайдан жуктурганы айтылды

    Үсөнбаев Россиядан каза болгон адамдардын сөөгүн алып келе жаткандардан да коронавирус табылган учурлар бар экенин кошумчалады.
    Дагы
  • 10:22

    АКШ менен Канададан 146 кыргызстандык алып келинди

    Арасында 109 мектеп окуучусу бар экени айтылды.

  • 10:16

    Акыркы маалымат боюнча ушу тапта стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө реанимацияда. Ооруканадан 957 киши чыгарылса, жалпысынан 14 киши каза болду

  • 10:15

    Бүгүн медиктерден коронавирус чыккан жок!

    Стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.

    Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 273 учур катталды, алардын ичинен 226 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

  • 10:13

    8 бейтап айыгып чыкты

    Брифингде сүйлөгөн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бир суткада айыккандардын төртөө Бишкектен, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абаддан, бирөө Ош облусунан экенин айтты. Баарынын кайталап алынган анализи таза чыкккан. 

    Муну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 957ге жетти.

  • 10:13

    Бүгүн Кыргызстанда 15 кишиден коронавирус чыкты

    Акыркы күндөрү өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандар көп болууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, буга элдин эрежелерди сактабай жатышы себеп.
    Дагы
542
Белгилер:
карантин, өзгөчө кырдаал, Кыргызстан, репортаж, онлайн, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1379)
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда 15 кишиден коронавирус чыкты
Акыркы суткада өлкөдө коронавирустан 8 бейтап сакайды