Көбү окуучу. АКШ менен Канададан 146 кыргызстандык алып келинди

© Фото / пресс-служба МИД КРАКШ менен Канададан 146 кыргызстандык алып келинди
АКШ менен Канададан 146 кыргызстандык алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттамды уюштурууда АКШнын Бишкектеги жана КРдин Вашингтондогу элчилиги, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги биргеликте иш алып барган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. АКШ менен Канададан 146 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-май күнү Америка Кошмо Штаттарында билим алган КРдин 109 мектеп окуучусу, студенттер жана башка жарандар атайын каттам менен Бишкек шаарына келди.

"Азыр көпчүлүк мамлекеттерде билим берүү мекемелери карантинге жабылып, коммерциялык аба каттамдары токтотулган. Ошондуктан АКШ менен Канададагы Кыргызстандын жарандары мекенге кайтууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Биз бир каттам менен жалпы 146 жүргүнчүнү алып келдик, алардын арасында улгайган, ден соолугуна байланыштуу тез алып кетүүгө муктаж болгон жарандар бар", — дешти министрликтен.

ТИМден аталган каттамды уюштуруу үчүн АКШнын Бишкектеги жана КРдин Вашингтондогу элчилиги, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги биргеликте иш алып баргандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0