Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов

Мэр: Бишкекке COVID менен күрөшүүдөгү эң кооптуу этап келип калды

160
(жаңыланган 12:38 23.05.2020)
Мэр соода борборлору, транспорттук уюм, спорт зал жана базарлардын жетекчилерине кайрылып, кокус алар оорунун очогу болуп кала турган болсо, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. 25-майдан тарта борбор калаада экономикалык ишмердүүлүк жанданат. Мындан улам бул убакта борбор калаага коронавирус менен күрөшүүнүн эң кооптуу жана жоопкерчиликтүү мезгили келет. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

"Азыр бийлик, шаардыктар, ишкерлер коронавируска жоопкерчиликтүү мамиле кыла турчу мезгил келди. Калаада коронавирус жуктуруп алгандардын саны арбын. Алсак, вирус аныкталган жалпы 348 учур катталган. Анын ичинен бүгүнкү күндө 224 киши айыгып, 124 бейтап стационарда дарыланууда. 348 киши 727 адам менен байланышта болгон. COVID-19 аныкталган 348 бейтаптын ичинен 90у медицина кызматкерлери, 43ү ИИМ өкүлдөрү", — деди Суракматов.

Мэр соода борборлору, транспорттук уюм, спорт зал жана базарлардын жетекчилерине кайрылып, кокус алар оорунун очогу болуп кала турган болсо, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

160
Белгилер:
эскертүү, коронавирус, мэр, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1483)
Тема боюнча
Акыркы суткада өлкөдө коронавирустан 8 бейтап сакайды
Санкт-Петербургдан келген курсанттар вирусту кайдан жуктурганы айтылды
Жазуу түрүндөгү сынак. Архив

Контракт көйгөйү: министрлик студентти экзаменге киргизбөө мыйзамсыз экенин айтты

3
Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттерине контракт төлөө боюнча жеңилдиктер берилгенин айткан эле.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Университеттин өзүндө окуп жаткан студенттерди кайсы бир себептер менен экзаменге кирбейсиңер дегени мыйзамсыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламентте билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеште "Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Депутат Элвира Сурабалдиева ага студенттер кайрылганын айтты. Алар шартына байланыштуу окуунун акчасын төлөй албай, андан улам экзамендерге кире албай жаткандыктарын айтышкан. Эл өкүлү министрликтин буга чейин айткан контракт боюнча ийкемдүү графигинин маңызы эмнеде экенине кызыкты.

"Студентти экзаменге кире албайсың деп коркутуу мыйзамсыз. Ар бир студент окуу графигине жараша экзамен, аттестацияларга кире алат. Ал эми акы төлөө маселеси боюнча университеттерге студенттин финансылык абалына карап, ийкемдүү мамиле кылуу тапшырмасы берилген", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле орун басар айым студенттер төлөгөн акчадан мугалимдерге айлык караларын айтып, ата-энелерде контракттан таптакыр эле бошотуу деген түшүнүк болбошу керектигин кошумчалады.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттерине бул маселеде жеңилдиктер берилгенин айткан. Министр дагы контракт төлөөнү талап кылган фактылар көп катталып жаткандыгын сөз кылган.

3
Белгилер:
студент, билим берүү, контракт, Университет, Элвира Сурабалдиева
Тема боюнча
Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат
Бишкек мэриясы. Архив

Мэрия: COVID акимчиликтен эмес билим берүү борборунда иштегендерден чыкты

13
(жаңыланган 17:20 03.06.2020)
Бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Октябрь акимчилигинен коронавирус жуктурган төрт адам катталса, дагы бирөө Свердлов районунан аныкталганын айткан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Борбор калаада Октябрь райондук билим берүү борборунун кызматкерлеринен коронавирус табылган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, COVID-19 Октябрь райондук администрациясында иштеген кызматкерлерден аныкталган эмес.

Эске салсак, бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Октябрь акимчилигинде коронавирус жуктурган төрт адам катталса, дагы бирөө Свердлов районунан аныкталганын айткан.

"Октябрь райондук билим берүү борборунда иштеген төрт кызматкерден ПЦР-тест алынып, аларда коронавирус бар экени аныкталган. Мындан улам райондук билим берүү борборунун аппаратынын 40 кызматкери, жетекчиси менен чогуу үй карантинге жиберилди. Ал эми Свердлов райондук акимчилигинде бир каржы адисинен COVID табылган. Аны менен беш адам байланышта болгону аныкталып, баары үй карантинге чыгарылып, азыркы тапта медиктердин көзөмөлүндө", — деп жазылат маалыматта.

Муниципалитет Октябрь жана Свердлов райондук акимчиликтеринин имараттары дезинфекцияланып жатканын кошумчалады. Башка райондук администрацияларда иш өз калыбында жүрүп жатканы айтылды.

Кыргызстанда жалпысынан алганда коронавирус 1871 адамдан табылды. Алардын арасынан 1265и айыгып, 20 бейтап көз жумду.

13
Белгилер:
коронавирус, билим берүү, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID Бишкек менен Нарында азайбай жатат. Сандар
Көбү Нарындан. Кыргызстанда бир суткада 46 бейтап айыгып чыкты