Бишкек шаары. Архив

Бишкектин кайсы районунда коронавирус жуктургандар көп? Статистика

447
(жаңыланган 13:06 23.05.2020)
Мэр коронавирус аныкталган 348 учурдун 83ү жаңы конуштарда жашагандар экенин айтып, алардын ар бирин бөлүп көрсөтүп берди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкекте коронавируска чалдыккан адамдардын көбү (102) Ленин районунун аймагында жашайт. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Октябрь районунда 71 киши COVID-19 жуктуруп алса, Биринчи май районунда 56, Свердлов районунда 43 кишиден коронавирус аныкталган.

Мэр коронавирус табылган 348 учурдун 83ү жаңы конуштарда жашаган жарандар экенин айтып, алардын ар бирин бөлүп көрсөтүп берди.

Ленин району (37):

  • Арча-Бешик жаңы конушу — 26;
  • Ак-Өргө жаңы конушу — 6;
  • Ынтымак жаңы конушу — 3;
  • Ак-Ордо жаңы конушу — 2.

Октябрь району (10):

  • Көк-Жар жаңы конушу — 7;
  • Кара-Жыгач жаңы конушу — 1;
  • Алтын-Ордо жаңы конушу — 1;
  • Рухий-Мурас жаңы конушу — 1.

Биринчи май району (27):

  • Ак-Босого жаңы конушу —13;
  • Көлмө жаңы конушу — 10;
  • Тынчтык жаңы конушу — 1;
  • Касым жаңы конушу — 1;
  • Мурас-Ордо жаңы конушу — 1;
  • Щербаков конушу — 1.

Свердлов району (9):

  • Учкун конушу — 2;
  • Керамическая конушу — 2;
  • Красный строитель конушу — 2;
  • Дордой жаңы конушу — 1;
  • Эне-Сай жаңы конушу — 1;
  • Ак-Бата жаңы конушу — 1.

Коронавирустун кесепети

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

447
Белгилер:
жаңы конуштар, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (855)
Тема боюнча
Санкт-Петербургдан келген курсанттар вирусту кайдан жуктурганы айтылды
Ушундай эле болсун! Бүгүн бир да медиктен коронавирус аныкталган жок
Коронавируска анализ жүргүзүп жаткан лаборатория кызматкери. Архив

Соль-Илецк менен Бузулуктан келген канча адамдан вирус табылганы айтылды

0
(жаңыланган 10:53 28.05.2020)
Россиянын Оренбург облусунун эки аймагынан жалпысынан 1000дей киши кайткан. Алардын арасынан күн сайын вирус жуктургундар аныкталып жатат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Оренбургдун Соль-Илецк шаарынан келген 101 кыргызстандыктан, ал эми Бузулук районунан кайткан сегиз кишиден коронавирус аныкталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Модератор андан Россиянын Оренбург облусунун эки аймагынан келген канча кишиден оору табылганын сураган.

"Учурда стационарларда жаткандар бар, алардан кошумча ПЦР-тесттер алынат. Лабораториялык тастыктоолор улантылып жатат. Бүгүнкү күндө Соль-Илецкиден кайткан 101 адам, Бузулук районунан келген сегиз киши вирус жуктурганы белгилүү болду. Мындан тышкары, 52 курсантта илдет аныкталган. Арасында Санкт-Петербург эле эмес, Россиянын башка шаарларынан келгендерда бар", — деди Үсөнбаев.

Эске салсак, буга чейин Бузулуктан Бишкекке автобус менен 413 кыргызстандык алып келинген. Ал эми Соль-Илецкиден 541 жаран мекенине кайткан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

0
Белгилер:
коронавирус, Соль-Илецк, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (855)
Тема боюнча
Облустардагы COVID-19: сырттан келген бейтаптардын статистикасы
Мындай боло элек болчу! Бир суткада 27 медик коронавирус жуктурду
12 кишинин абалы оор, алтоо реанимацияда. Дарыланып жаткандардын абалы
Аэропорттогу жүргүнчүлөр медициналык бет капчан. Архив

Облустардагы COVID-19: сырттан келген бейтаптардын статистикасы

13
(жаңыланган 10:45 28.05.2020)
Кыргыз өкмөтү сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктарды учак жана автобустар менен мекенине алып келүүсүн улантууда. Алардын арасынан вирус жуктургандар дагы чыгып жатат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Коронавирус жуктургандардын арасында 450 учур сырттан келгендерден катталган. Бул жалпы ооругандардын 30 пайызын түзөрүн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Облустардагы сырттан келген бейтаптар:

  • Бишкек шаары — 38 пайыз;
  • Чүй облусу — 11 пайыз;
  • Жалал-Абад облусу — 13 пайыз;
  • Ош шаары — 9 пайыз;
  • Ош облусу — 15 пайыз;
  • Нарын облусу — 19 пайыз;
  • Ысык-Көл облусу — 1 пайыз;
  • Баткен облусу — 2 пайыз.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

13
Белгилер:
аймак, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (855)
Тема боюнча
Америкада депрессияга түшүп, тынчсыздангандар кескин көбөйдү
Азайбай жатат! Бүгүн 74 кишиден коронавирус чыкты