Блок постто турган медицина кызматкери. Архив

КР бийлиги күзгө боолголонгон коронавирустун экинчи толкунуна даярдана баштады

223
(жаңыланган 13:28 23.05.2020)
Ыкчам штабдын жыйынына медицина чөйрөсүндөгү окумуштуулар, Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 боюнча илимий-консультативдик эксперттик кеңеши чакырылган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Өкмөт окумуштуулар боолголоп жаткан күздө болчу коронавирустун экинчи толкунуна даярдыгын күчөтөт. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында маалым болду.

Билдирмеге ылайык, жыйында коронавирустун болжолдонгон экинчи толкунуна каршы турууда медиктердин потенциалын жогорулатуу маселеси көтөрүлдү.

"Мындан сырткары мобилдик лабораторияларды өнүктүрүү, жеке коргонуу кийимдерин жана тест-системаларды ата мекен өндүргүдөй шарттарды түзүү керектиги айтылды. Калкты бул мезгилге даярдоонун, анын ичинде социалдык дистанция жана санитардык эрежелерди кынтыксыз аткаруу зарылдыгына өзгөчө басым жасалды", — деп жазылат маалыматта.

Ыкчам штабдын жыйынына медицина чөйрөсүндөгү окумуштуулар, Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 боюнча илимий-консультативдик эксперттик кеңеши чакырылган. Алар учурдагы эпидемиологиялык абал жана жакынкы бир нече айга мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу көз караштарын ортого салышты.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү күздө коронавирустун экинчи толкунун боолголошкон.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

223
Белгилер:
коронавирус, өкмөт, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2325)
Тема боюнча
Мэр: Бишкекке COVID менен күрөшүүдөгү эң кооптуу этап келип калды
Ушундай эле болсун! Бүгүн бир да медиктен коронавирус аныкталган жок
COVID-19 оорукананын медициналык кызматкерлери

606 жаңы учур. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын статистикасы

29
(жаңыланган 11:31 25.10.2020)
Өткөн суткада COVID-19 жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусу менен Баткенде катталган. Оору аныкталган бейтаптардын ичинен 3 328и стационарларда, 3 156сы амбулатордук шартта дарыланышууда.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 606 адамдан коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 279 бейтап дартты жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Ага ылайык, өткөн суткада COVID-19 жуктургандардын көбү Жалал-Абад облусу менен Баткенде катталган.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 88;
  • Ош – 36;
  • Чүй облусу – 29;
  • Ош облусу – 97;
  • Талас облусу – 24;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 41;
  • Жалал-Абад облусу – 184;
  • Баткен облусу – 105.

Айыккандар:

  • Бишкек – 53;
  • Ош шаары – 24;
  • Чүй облусу – 25;
  • Ош облусу – 73;
  • Талас облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 55;
  • Баткен облусу – 30.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 55 750гө жетти. Анын ичинен 47 616сы айыгып, 1 134 бейтап көз жумду.

Оору аныкталган бейтаптардын ичинен 3 328и стационарларда, 3 156сы амбулатордук шартта дарыланышууда.

Бир суткада 6 медиктен коронавирус табылган. Алар:

  • Ош шаары – 1;
  • Ош облусу – 2;
  • Баткен облусу – 3.

Ошол эле учурда 15 медкызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

29
Белгилер:
бейтап, медик, оору, статистика, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды
COVID-19 ооруканасынын бөлмөдөгү медициналык кызматкер жана бейтап

Коронавирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды

18
(жаңыланган 11:39 25.10.2020)
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 1 134 адамдын өмүрүн алды. Жуктургандардын саны 55 750гө жетсе, анын ичинен 47 616сы айыкты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан төрт адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

COVID-19дан көз жумгандардын жаңы учурлары:

  • Чүй облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда COVID-19 1 134 адамдын өмүрүн алды. Жуктургандардын саны 55 750гө жетсе, анын ичинен 47 616сы айыкты.

18
Белгилер:
өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID-19: Бишкекте бош оруну бар ооруканалардын тизмеси
Абу-Дабидеги UFC 254 мелдешинде Хабиб Нурмагомедов америкалык каршылашын Жастин Гэтжини утуп алды

Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты

0
(жаңыланган 11:39 25.10.2020)
Ишемби күнү Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында өткөн UFC 254 мелдешинде Хабиб Нурмагомедов америкалык каршылашы Жастин Гэтжини утуп, жеңишке жетти.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Чемпиондук титулун коргоп калган Хабиб Нурмагомедов UFC уюмундагы карьерасын жыйынтыктаганын айтып, жакында жаш муундагы мушкерлерди тарбиялаган машыктыруучу катары кайтып келиши мүмкүн экенин билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

“Жакында бийиктикке кайтып келебиз” , -  деген спортчунун видеосу анын экинчи машыктыруучусу Хавьер Мендестин Instagram баракчасына жарыяланды.

Мендес Хабиб Нурмагомедовго “машыктыруучу болуп келесиңби” деген суроо узаткан. Буга мушкер ансыз деле Мендеске көп жылдан бери жардам берип келе жатканын айткан. Ал эми Мендес “мындан ары дагы көп жылдар бою жардам бересиң” деп жылмайган.

Ишемби күнү Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында өткөн UFC 254 мелдешинде Хабиб Нурмагомедов америкалык каршылашы Жастин Гэтжини утуп, жеңишке жетти. Муну менен 32 жаштагы Нурмагомедов 29-ирет октагонго чыгып, 29-жеңишин камсыздады.

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

Беттеш аяктагандан кийин мушкер бул UFC мелдешиндеги акыркы кармашы экенин жар салды.

0
Белгилер:
машыктыруучу, карьера, Хабиб Нурмагомедов, мушкер, Абу-Даби
Тема боюнча
Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп алды. Видео