Ооруканадагы бейтап. Архив

Жакшы кабар! Ат-Башыда коронавирус жуктурган бейтаптардын баары айыкты

751
(жаңыланган 13:38 23.05.2020)
Райондо жалпы 77 кишиден коронавирус табылган. Анын баары айыгып, акыркы бейтаптар кечээ, 22-майда, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда коронавирус жуктуруп алган бардык бейтаптар айыкты. Бул тууралуу аталган райондун акими Нурбек Сатаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, райондо жалпы 77 кишиден коронавирус табылган. Эми баары айыгып, акыркы бейтаптар кечээ, 22-майда, үйлөрүнө чыгарылды.

"Кубанууга али эрте. Анткени обсервацияда жаткандар бар. Мындан улам ар бир жаранды тартипти сактоого чакырат элем. Биз тартип менен гана бул ооруну жеңип чыгабыз", — деди Сатаров.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

751
Белгилер:
бейтап, коронавирус, Ат-Башы, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (878)
Тема боюнча
Ушундай эле болсун! Бүгүн бир да медиктен коронавирус аныкталган жок
Мэр: Бишкекке COVID менен күрөшүүдөгү эң кооптуу этап келип калды
Мышык менен ойноп жаткан бөбөк. Архив

Бөбөгүн жоготкон бала милицияга айтып, алар эки жашар баланы эки саатта тапты

6
(жаңыланган 12:55 31.05.2020)
29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала кайрылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору Бишкектин Ак-Өргө кичи районунда жоголуп кеткен эки жашар баланы ата-энесине таап берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала (жашы айтылган эмес) кайрылган. Ал саат 13.30дар чамасында эшиктин алдында ойноп турган инисин таппай калганын айткан.

"Эки сааттан кийин бөбөк ошол эле конуштагы Гагарин менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, ата-энесинин колуна тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан билдиришкендей, небересинин табылганына сүйүнгөн чоң эне инспекторлорго ыраазычылыгын айткан.

6
Белгилер:
издөө, бала, милиция, "Ак-Өргө" кичи району, Бишкек
Тема боюнча
Чүйдөн жоголгон өспүрүм кыздар Баткенден табылды
Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту

Байкерлер калаа тургундарына уйку бербей... Милиция алар менен жолугуп, эскертти

22
Инспекторлор мотоциклчендерге түн ортосунда жарыш уюштуруп, шаардыктардын тынчын албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу башкармалыктан билдиришти.

  • Инспекторы Управления патрульной службы милиции Бишкека провели встречу с байкерами из-за жалоб горожан
    Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Инспекторы Управления патрульной службы милиции Бишкека провели встречу с байкерами из-за жалоб горожан
    Жолугушууга Кыргызстандын мотоциклчилер коому катышты.
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 2
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту

Жолугушууга Кыргызстандын мотоциклчилер коому катышты.

Маалыматка караганда, өзгөчө абал режиминин алкагында жарыяланган коменданттык саат жоюлгандан бери мотоцилкчендер шаардын чоң көчөлөрүндө түнкүсүн жарыш уюштуруп, коомдук тартипти бузуп келишет. Ал тургай жол кырсыктары болгон учурлар дагы катталганы айтылды.

Инспекторлор байкерлерди жолдо жүрүү эрежелерин сактоого чакырды. Ошондой эле алар түнкүсүн жашоочулардын тынчын алып жарыш уюштурууну уланта берсе, мыйзам чегинде жазаланары эскертилди.

22
Белгилер:
жашоочулар, көчө, мотоцикл, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп