Ысык-Көл. Архив

Ысык-Көлдө жайкы сезон качан башталат? Расмий жооп

633
(жаңыланган 13:41 23.05.2020)
Буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ысык-Көлдө эс алуу боюнча атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн экендиги айтылган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезон өлкөдөгү абалга жана чектөөлөргө жараша башталат. Бул тууралуу брифинг учурунда өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

Анын айтымында, азырынча мамлекет тарабынан жайкы сезонго байланыштуу тиешелүү чечимдер кабыл алына элек.

"Жыл сайын облус аймагында эс алуучуларды тосуп келген ишкерлер, мекемелер быйылкы сезон кандай болот деп жатышат. Менимче, быйыл биз кырдаалга караша аракет көрөбүз, себеби азыр бул боюнча мамлекеттик деңгээлде чечимдер жок. Эгерде вирустан жакын арада арыла алсак, июнь айынын ичинде сезонго толук даярдык көрүп бүтсөк болот. Андан соң өкмөт июль, август айында туризм тармагынын иштөөсүнө уруксат берсе, өлкө ичиндеги эс алуучуларды тосуп алууга даяр болуп калабыз", — деди Моңолдоров.

Ал ошондой эле туризм тармагынын жай мезгилинде иштөөсү жергиликтүү тургундар үчүн өтө маанилүү экендигин кошумчалады.

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ысык-Көлдө эс алуу боюнча атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн экендигин айткан.

633
Белгилер:
сезон, туризм, Ысык-Көл
Тема боюнча
Боронов: Ысык-Көлдө эс алуу боюнча атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн
Жайкы сезондо акча тапкан көлдүктөр быйыл эмне болот. Ички туризмге үмүт артып...
Парень в медицинской маске едет на автобусе после ослабления карантинных мер в Бишкеке. 25 мая 2020 года

Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык. Министрлик элге кайрылды

11
(жаңыланган 11:46 28.05.2020)
Министрдин орун басары көпчүлүктү санаага салган коронавирустун экинчи толкунун айтаардан мурда ага даярдыкты кантип көрүү керек деген суроонун үстүндө ойлонуу зарылдыгын баса белгиледи.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда коронавирустун экинчи толкуну боюнча пикирин айтып, элге кайрылуу жасады.

Министрдин орун басары көпчүлүктү санаага салган коронавирустун экинчи толкунун айтаардан мурда ага даярдыкты кантип көрүү керек деген суроонун үстүндө ойлонуу зарылдыгын баса белгиледи.

"Күзүндө жана кышында бизде сасык тумоо сезону башталат. Бул жылы сасык тумоого каршы эмдөөнү өз убагында жасоого аракет кылып жатабыз. Мен элди эмдөөнү колдоого чакырып кетет элем. Анткени сасык тумоо өтүшүп кетсе, коронавирус сыяктуу өпкөнү жабыркатат. Бул ден соолукка зыян", — деди Үсөнбаев.

Ал элди жайында ден соолукту чыңдап, айрыкча балдарды күнгө күйгүзүп, таза абага көбүрөөк алып чыгууга чакырды.

"Ден соолугуӊарга көӊүл буруп, оорулар өтүшүп кетпеш үчүн иммунитети жайында чыӊдагыла. Өзгөчө өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарга диспансердик иштерди жүргүзүү керек. Бардык ооруларды кийинкиге калтырбай, убагында дарылаӊыздар", — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы 16 адам көз жумду.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында. Архив
© Фото / Пресс-служба Правительства КР / Алишер Алиев
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

11
Белгилер:
ден соолук, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID-19га антителого анализ тапшырса болобу? Министрликтин жообу
Министрлик: COVID-19 жуктургандар ким менен байланышта болгонун билбей жатышат
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова

Абжапарова: 6% менен каалагандарга ипотека берчү компания түзүлдү

9
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова аталган мекеменин алдында дагы бир ипотекалык ишкана түзүлгөндүгүн айтты.
Абжапарова: 6% менен каалагандарга ипотека берчү компания түзүлдү

"Ак-Босого" турак жай сактык, кредиттик компаниясы аркылуу каалаган жарандардын бардыгы эч кандай чектөөлөрсүз ипотека ала алат. Бул тууралуу Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган компаниянын максаты кыргызстандыктарды турак жай менен камсыз кылууда жеткиликтүү шарттар менен камсыздоо.

"Ак-Босого" турак жай сактык, кредиттик ишканасынын Мамлекеттик ипотекалык компаниядан айырмачылыгы арбын. МИК жалаң гана бюджеттик кызматта иштеген адамдарга ыңгайлашкан болсо, жаңы түзүлүп жаткан ишканадан каалоочулардын бардыгы кредит ала алат. Ошондой эле ипотека алып жаткан адамдын үйүнүн бар-жогу да каралбайт. Мисалы, кардар 1 миллион сомдук үй алгысы келсе, алгач үч жыл бою "Ак-Босого" компаниясынын сактык куржунунун топтомо бөлүгүнө өз каражатын чогултушу керек. Албетте, ар кимдин финансылык мүмкүнчүлүгүнө карап, бирдиктүү суммага бөлүнөт. Кардар үч жыл бою ай сайын белгиленген акчаны компанияга которуп турат. Мөөнөтү бүткөн соң башында келишимде айтылгандай, 1 миллион сомдук тамды сатып алат. Жетпеген каражатты "Ак-Босого" турак жай сактык, кредиттик компаниясы алты пайыз менен сегиз жылга берет. Кардар өзү чогулткан акчасы менен келип кредит ала албайт. Милдеттүү түрдө 3-4 жылга аталган компанияда акчасын чогултушу керек", — деди Абжапарова.

Ал жаңы түзүлүп жаткан ипотекалык компаниянын кызматынан чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар да пайдалана ала тургандыгын кошумчалады.

9
Белгилер:
кредит, компания, турак-жай, ипотекалык насыя
Тема боюнча
Мамлекеттик ипотека 2025-жылга чейин кандай болот? Долбоордун кыскача түшүндүрмөсү