Маршруттук унаалар. Архив

Аймактарга каттаган коомдук транспорт азырынча жүрбөйт. Штабдын билдирүүсү

447
(жаңыланган 16:24 23.05.2020)
Ыкчам штабдын отурумунда медициналык мекемелерди жана калкты күз айларына боолголонуп жаткан COVID-19 инфекциясынын экинчи толкунуна каршы даярдоо керектиги белгиленди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандагы коомдук транспорттор азырынча аймактарга каттабайт. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, бет каптар, дезинфекциялоочу каражаттар жана жүргүнчүлөрдүн санына чектөө милдеттүү талаптарга кирет.

"25-майдан баштап коомдук транспорт жүрө баштайт. Мындай чечим жарандар жумушуна жетип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу үчүн кабыл алынды. Ошентсе да жергиликтүү бийлик, транспорттук компаниялар жана жарандар вирус жугуп калуу коркунучу жогорулашы мүмкүндүгүн билүүсү керек. Ошол себептен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айтылган санитардык эрежелер толук сакталышы шарт. Ал эми аймактар аралык коомдук транспорттор азырынча жүрбөйт", — деди Боронов.

Штабдык жыйында боолголонуп жаткан күздө болчу коронавирустун экинчи толкунун алдын алуу максатында медициналык мекемелерди, медицина адистеринин потенциалын жогорулатуу, мобилдик лабораторияларды даярдап, атамекендик тест-системаларды жана жеке коргоочу каражаттарды өндүрүүгө шарт түзүү керектиги айтылды. Мындан тышкары калкты аталган мезгил аралыгында санитардык эрежелерди жана аралыкты сактоого даярдоо зарылчылдыгы белгиленди.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

447
Белгилер:
калк, медицина, транспорт, штаб, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1431)
Тема боюнча
Алмамбетова: коомдук транспорт ар бир каттамдан кийин дезинфекцияланат
Жакшы кабар! Ат-Башыда коронавирус жуктурган бейтаптардын баары айыкты
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында. Архив

Боронов: вирустун очогу көбөйүп, медиктерге өзү кайрылгандардын саны өстү

0
(жаңыланган 11:26 28.05.2020)
Биринчи вице-премьер санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер так сакталышы керектигин эскертти.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Коронавирусту качан жана кайдан жуктуруп алганын билбей өздөрү ооруканага кайрылган учурлар көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Ал оору көп тарап жаткандыктан коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

"Вирустун белгилери бар жарандар медициналык мекемелерге өзү кайрылган фактылар көп чыгып жатат. Алар оорулуулар менен түз байланышта болгон эмес. Кайдан, кантип илдетти жуктуруп алганын да билишпейт. Бул оору очокторунун көбөйгөндүгүнөн кабар берет. Демек, бардык коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер так сакталышы керек", — деген Боронов.

Ал жарандар кайдыгерлиги үчүн жоопко тартыларын эскертип, коомдук жайларда, транспортто, эл көп топтолгон жерлерде өз коопсуздугу үчүн бет кап кийүүсүн айткан.

0
Белгилер:
оору, очок, коронавирус, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID-19га антителого анализ тапшырса болобу? Министрликтин жообу
Соль-Илецк менен Бузулуктан келген канча адамдан вирус табылганы айтылды
Кыз лабораторияда коронавируска каршы антителолор бар экендигин текшерип жатат. Архив

Кыргызстанда COVID-19га антителого анализ тапшырса болобу? Министрликтин жообу

12
(жаңыланган 11:22 28.05.2020)
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде антителонун бар-жогун аныктоочу 4500 тест келери күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстан адамдын канында COVID–19га антителолор бар-жогун аныктаган тесттерди алууга кам көрүп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ага модератор адамдын канындагы коронавируска антителого анализ тапшырса болобу жана анын баасы канча турат деген суроо берди.

Үсөнбаевдин айтымында, учурда өлкөдө канча адам коронавируска каршы тура аларын билүү үчүн антителону аныктоочу тесттерди алып келүү боюнча иштер жасалып жатат.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде бизге уюмдан 4500 тест келет деп күтүп жатабыз. Азыр адистер тестти Кыргызстанда колдонуу боюнча программа дайындап, өлкө аймагында каттоодон өткөрүү боюнча иштер аткарылууда", — деди Үсөнбаев.

Маалыматка карагагда, мамлекет башка каналдар аркылуу дагы тесттерди издеп жатат.

"Эки тараптан сунуш болду, биз аларды иликтөөдөбүз. Баасын жана башка шартын айтуу азырынча эрте. Качан алар келип, колдонууга даяр болгондо жалпыга маалымдайбыз", — деди орун басар.

Эске салсак, буга чейин Бузулуктан Бишкекке автобус менен 413 кыргызстандык алып келинген. Ал эми Соль-Илецкиден 541 жаран мекенине кайткан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

12
Белгилер:
анализ, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1431)
Тема боюнча
Министрлик: COVID-19 жуктургандар ким менен байланышта болгонун билбей жатышат