Карантиндик көзмөмөл пункту. Архив

Тыкыр текшерүүдөн өтөт. Ысык-Көлгө кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү

647
Облуска кирген учурда жарандар паспортторун, кайсыл жерге катталгандыгын көрсөтөт, ошондой эле дене табы текшерилет. Эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана аларды коштоп жүргөн жарандар тыкыр текшерүүдөн өтүшөт.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ысык-Көлгө кирүүдө жана чыгууда чектөөлөр менен тыюулар алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, экономиканын көпчүлүк тармактарындагы иштер жандангандыктан чектөөлөр алып салынган.

"Болгону бир гана шарт бар. Анда облуска кирген учурда жарандар паспортторун, кайсыл жерде катталганын көрсөтүшөт, ошондой эле дене табы текшерилет. Эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана аларды коштоп жүргөн жарандар тыкыр текшерүүдөн өтүшөт. Аларды бара турган жерине чейин тиешелүү кызматкерлердин коштоосунда жеткирип, кайра облустан чыгарып коюу шарты каралып жатат", — деди Моңолдоров.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

647
Белгилер:
блокпост, кирүү, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)
Тема боюнча
КР бийлиги күзгө боолголонгон коронавирустун экинчи толкунуна даярдана баштады
Аймактарга каттаган коомдук транспорт азырынча жүрбөйт. Штабдын билдирүүсү
Кыргыз-казак чек арасындагы Акжол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архивдик сүрөт

Казакстанга өткөрчү "Акжол" бекетинде ремонт качан бүтөрү айтылды

13
(жаңыланган 20:02 01.06.2020)
Долбоорду ишке ашырууга 127 жумушчу жана 15 даана техника тартылган. Өткөрүү пунктундагы реконструкция болуп жаткан жердин аянты 3,5 гектарды түзөт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Акжол" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы ремонт иштери жыл аягына чейин бүтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Казакстандын индустрия жана инфраструктура министрлигине таянып кабарлады.

"Кийинки жылы Кордайдын (кыргыз тарабы "Акжол" деп айтылат — ред.) өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, бир суткада 23 миң киши менен 2500 автоунаа өткөрө баштайт. Жөө адамдар өткөн жер реконструкцияланып, 137 метрге чейин кеңейтилди. Мындан сырткары өткөрмө терминал, көзөмөлдөн өткөргөн пункт, чек ара кызматынын имараты дагы ремонттолуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына ылайык, адистерге бул жылы инспекциялык-кароо комплексинин курулуш иштерин аткарып бүтүү тапшырмасы да коюлган.

Долбоорду ишке ашырууга 127 жумушчу жана 15 даана техника тартылган. Өткөрүү пунктундагы реконструкция болуп жаткан жердин аянты 3,5 гектарды түзөт.

"Акжол" жана "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункттары ремонтко ушул жылдын февраль айында жабылган. Азыркы тапта ал жактан жөө адамдар гана таңкы саат 6:00дөн 24:00гө чейин өтө алышат. Транспорт жакынкы өткөрмө бекеттерден өтүүдө.

13
Белгилер:
реконструкция, пункт, өткөрмө, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек чек арасынан жүк эки пункттан гана өткөрүлмөй болду
Токтогулдагы абактын ремонт жасалгандан кийинки көрүнүшү
Турак жайдын кире беришин дезинфекциялоо. Архив

Короо кыдырып... Бишкекте коронавирусту аныктоо үчүн сурамжылоо башталды

31
(жаңыланган 18:59 01.06.2020)
Медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынган. Сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоо да эскертилди.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын директору Бактыгүл Исмаилова коронавирусту аныктоо максатында калаадагы короолорду кыдыруу иштери башталганын айтты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Исмаилованын айтымында, бул ишке квартал, көчөлөрдө жашаган улуулар, турак жай активисттеринен турган бригадалар тартылып жатат. Сурамжылоого медиктер да катышат.

"Адамдар ооруп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындап, жөтөлүп жатса да медициналык жардамга кайрылбай жатышат. Ооруган адамдар жумушуна барып, коомдук жайларда болуп, качан гана оорунун белгилери курчуй баштаганда 118 номерине чалышууда. Мобилдик бригадалар барган учурда айрым бейтаптардын ПЦР-тесттери оң болуп чыгып жатат", — деди Исмаилова.

Ал медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынганын кошумчалады. Ошондой эле сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоого чакырды.

"Эл каттоо менен медициналык каттоону чаташтырбоо керек", — деди Исмаилова.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1817 болду. Анын ичинен 1181и айыгып, 16сы көз жумган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

31
Белгилер:
сурамжылоо, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1471)
Тема боюнча
Бишкекте 1-июндан баштап иштей баштаган тармактардын тизмеси
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт

Оңдолгус ката! АКШдагы митингге тиешеси бар деп айыпталган Россия жооп берди

0
(жаңыланган 20:08 01.06.2020)
Захарова Американын шаарларында башаламандыкты тутантуу үчүн орустар тарабынан колдонулду делген социалдык тармактар "АКШда катталып, ошол жактан башкарыларын" эскертти.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШдагы башаламандыкка Россиянын тиешеси бар деп айыптоо маалыматтык манипуляциянын ыплас ыкмасы. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин Sputnik радиосу кабарлады.

Эскерте кетсек, ушу тапта АКШнын бир нече штатында массалык митингдер өтүп жатат. Башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун полиция кызматкеринин колунан ажал тапканынан кийин башталган. 40тан ашуун ири шаар акциялардан улам коменданттык саат киргизүүгө аргасыз болду.

Ал эми АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча экс-кеңешчиси Сьюзан Райс өлкө аймагында болуп жаткан митингдердин жана андагы талап-тоноочулук менен зомбулуктун артында Россия турушу мүмкүн деп айткан. Бирок сөзүнө эч кандай жүйө келтирбей, жеке тажрыйбасына таянып жатканын кошумчалаган.

"Райс айым! Өз убагында Сиздин партиялаштарыңыз силерге жакпаган нерсенин баарына Россияны күнөөлөй берүү стратегиясын ойлоп таап, олуттуу ката кетиришкен. Хилари Клинтон жана Барак Обаманын жалпы командасы АКШнын ички көйгөйү "сырткы" күчтөр, тагыраагы, Россиянын кийлигишүүсү менен курчуп жатат деп, буга өздөрү да бекем ишенип алышкан. Сиздер да бүгүн CNN журналисттери менен бирге жүйөсүз жалган маалыматтарды таратып ушул катаны кайталап жатасыздар. CNN каналына берген маегиңиздин өзү пропаганда", — деди Захарова Facebook баракчасынан.

Ал Американын шаарларында башаламандыкты тутантуу үчүн орустар тарабынан колдонулду делген социалдык тармактар "АКШда катталып, ошол жактан башкарыларын" эскертти.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп кырдаалды жөнгө салуу үчүн Улуттук гвардияны тартуу керектигин айткан.

0
Белгилер:
айып, митинг, өлүм, полиция, башаламандык, АКШ, ТИМ, Россия, Мария Захарова
Тема боюнча
ЖМК: АКШдагы башаламандыкта 4 миңдей киши кармалды
Жабырланган журналист. РФ элчилиги АКШнын мамдепартаментине нота кетирди