Авиабилет кармап турган адам. Архив

Москвада КР элчилигинин атын жамынып авиабилет саткандар иликтенүүдө

192
(жаңыланган 19:04 23.05.2020)
Маалыматта бул каттам менен тизмеге жазылган кош бойлуу аялдар жана эки жашка чейинки балдары бар ата-эне гана билет алып кетээри айтылган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Социалдык тармактарда алдамчылар тарабынан "Аэрофлот" авиакомпаниясынын каттамына Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин атына жамынып билеттер сатылып жаткандыгын өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 2020-жылдын 26-майындагы каттамга билет саткан фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

"Урматтуу мекендештер, социалдык тармактарда 2020-жылдын 26-майында "Аэрофлот" авиакомпаниясы тарабынан аткарыла турган каттамга элчиликтин атынан билеттер сатылып жаткан фактылар катталууда. Бул жалган маалымат жана ал сатылган билеттер жарабайт. Бул маалыматты тараткан жана билет саткан адамдар боюнча иликтөө иши жүрүп жатат. Аталган каттамга билеттер элчилик тарабынан түзүлгөн тизме боюнча гана сатыларын эскертебиз. Билеттерди аэропорттон жана "Аэрофлоттун" кассаларынан гана алыш керек", — деп жазылат билдирүүдө.

Байымбетова белгилегендей, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

Маалыматта бул каттам менен тизмеге жазылган кош бойлуу аялдар жана эки жашка чейинки балдары бар ата-эне гана билет алып кетээри айтылган.

192
Белгилер:
билет, Аэрофлот, Элчилик, Россия
Тема боюнча
Оренбургдан келе жаткан мекендештердин жетөө чек арадан өтө албай калды
Мечитте намаз кылып аткан киши. Архивдик сүрөт

Министрлик диний маалыматтарды абайлап чагылдырууга чакырды

12
(жаңыланган 17:35 05.12.2020)
Мекеменин билдиришинче, соңку кезде өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылып жатат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги диний маселелерди чагылдырууда мыйзамдагы нормалардын чегинен чыкпоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, соңку кезде өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылып жатат. Анын ичинде Баш мыйзамдан "Мамлекеттин башкаруусуна дин аралашпаган" түшүнүгүн алып салуу тууралуу сунуштар кызуу талкууга алынып, коомчулук ар кандай пикирлерин айтып жатканы белгиленет.

"Ушуга байланыштуу министрлик калкты радикалдаштыруу аракеттерин көргөн материалдарга көңүл бурууга милдеттүү. ИИМ жарандардан, диний жана коомдук ишмерлерден бул маселени талкуулоодо өзгөчө этият болуп, калкты тынчсыздандырбоого жана мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпаганга чакырат", — деп жазылган маалыматта.

Диний кастыкты козуткусу келгендерге мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилди.

12
Белгилер:
эскертүү, ИИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган уюмдар. Тизме
Нашаа. Архивдик сүрөт

Кыргызстан БУУнун нашааны кооптуу баңгизаттын тизмесинен алуу чечимине каршы чыкты

7
(жаңыланган 17:27 05.12.2020)
Кара куурайды өтө кооптуу делген баңгзаттын катарынан чыгаруу чечимин БУУнун баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы кабыл алган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан өзгөчө көзөмөлдү талап кылуучу кара куурай менен нашааны баңгизат каражаттарынын катарынан чыгарууга каршы добушун берген. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Буга чейин кара куурайды өтө кооптуу делген баңгизаттын катарынан чыгаруу чечимин БУУнун баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен кабыл алган. 27 мамлекет буга макул болсо, бирөө калыс экенин айткан. Ал эми 25 өлкө каршылыгын билдирген болчу. Өзгөртүү киргизүүнү колдогон мамлекеттердин башында АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрү турат. Каршы чыккандар — Кытай, Россия, Пакистан жана башка мамлекеттер. Бирок ар бир өлкө мурункусундай эле көзөмөлдүн кандай деңгээлде болорун өзү аныктай алат.

"Кыргызстан аталган өзгөртүүгө каршы чыккан 25 мамлекеттин ичинде. Көзөмөлдү төмөндөтүүгө багытталган бардык аракеттердей эле сунушталган демилге да он миңден ашуун гектар жеринде кара куурай өскөн Кыргызстандагы баңгизат боюнча кырдаалды курчутуп жиберет", — деп айтылат маалыматта.

Комиссия кабыл алган чечимдин кесепетин азайтуу үчүн Кыргызстан 1961-жылы чыгарылган баңгизат каражаттары боюнча Бирдиктүү конвенциянын 39-беренесин көздөмөкчү. Анда ар бир өлкөгө аталган эл аралык макулдашууда каралгандан катаалыраак көзөмөл жүргүзүүгө укук берилген.

Ведомствонун маалыматы боюнча, комиссиянын дээрлик бардык мүчөлөрү БУУнун баңгизатка каршы чыгарылган негизги конвенцияларын колдой тургандыктарын айтып, кара куурайды рекреациялык (саламаттыкты калыбына келтире турган ден соолукту чыңдоочу иш-чаралардын комплекси) максатта колдонуу үчүн мыйзамдаштырууга каршылыгын билдиришкен.

7
Белгилер:
каршылык, чечим, конвенция, БУУ, нашаа, кара куурай
Тема боюнча
Чек арада жети тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Сүрөт