Кыргызстанда биринчи жолу COVID-19 жуктурган бейтапка операция жасалды. Видео

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОперация жасап жаткан дарыгерлер. Архив
Операция жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрда дарыгерлер бейтаптын кекиртегине операция жасап, жасалма дем алдыруучу аппарат коюп жаткандыгын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү республикалык штабы жандандыруу бөлүмүндөгү COVID-19 жуктурган бейтапка трахеостомия (дем алдыруучу каражат) коюп жаткан учурдагы операциянын видеосун жарыялаган.

Штаб сезимтал адамдарга бул видеону көрбөй эле коюну эскертти.

"Видео Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө тартылган. COVID-19 жуктурган бейтаптын абалы оор, өз алдынча дем ала албай калган. Дарыгерлер трахеостомия жасоодо", — деп жазылат билдирүүдө.

Трахеостомия — бул адамдын кекиртегине жасалма дем алдыруучу каражат орнотуучу хирургиялык жол.

Коронавирустун кесепети

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын экс-спикери Мукар Чолпонбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экс-спикер Мукар Чолпонбаев жубайы менен коронавирустан айыкты
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0