Муниципалдык кызматкер Жогорку Кеңештин алдындагы көчөнү дезинфекциялап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан COVID-19дан арыла албай жатат... Абал тууралуу тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаал коомчулукту тынчсыздандырууда. Мурда оору табылган район, айылдар тазаланганы менен инфекция башка аймактардан чыгып жатат.

Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги элди санитардык эрежелерди бекем сактоого, эшикке бейчеки чыкпоого чакырууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул тексттик баяндамада COVID-19 боюнча өлкөдө болуп жаткан соңку кабарларды окурмандарга тартуулап турмакчы.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:28 24.05.2020
21:27 24.05.2020

25-майдан тарта борбор калаада 110 троллейбус, 112 автобус иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

 

Закуп новых троллейбусов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эртеңден тарта Бишкекте 110 троллейбус, 112 автобус каттамга чыгат
13:58 24.05.2020

"Буга чейин Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаевдин ооруга чалдыгып, бирок абалы жакшы болуп калганы маалымдалган эле. Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулары өрчүп кеткен. Ал ошондой эле бөйрөк, жүрөк-кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу", — деп айтылат Республикалык штабдын маалыматында. 

 

13:26 24.05.2020
13:06 24.05.2020

Эртең иштей турчу жайлар:

  • ири базарлар ("Дордой", "Орто-Сай", "Ош", "Кара-Суу");
  • тамактануу жайлары, анын ичинде элге аралыкты сактоого шарт түзүп, 50 гана орундукту камсыздаган жайкы кафелер жана ресторандар;
  • театр, музей, көргөзмө залдары жана галереялар, китепканалар жана маданий-агартуу мекемелери;
  • коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана микроавтобустар.


 

11:44 24.05.2020

"Вирустун экинчи толкуну күздө кайтып келиши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. А чынында буга байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Коронавирус деле акырындык менен адамдын организмине ыңгайлашып, башка вирустар сыяктуу эле билинбей жүрүп калышы ыктымал”, — деди Нурматов.

 

Руководитель Центра по контролю за вирусными инфекциями Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Нурматов: коронавирус күзүндө кайтып келиши ыктымал
11:39 24.05.2020

Россиянын Оренбург облусунан Бишкекке автобус менен 413 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 “24-май күнү тогуз автобустан турган колонна Оренбург облусунан 413 жаранды алып келди. Алар алгоритмге ылайык, медициналык кароодон өтүп, обсервацияга жайгаштырылат”, — деп айтылат билдирүүдө. 

10:54 24.05.2020

Күзүндө коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүнө байланыштуу элди сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүү пландалып жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Вирус менен күрөшүүнүн кийинки этабынын тапшырмалары иштелип жатат. Экинчи толкун дагы калктын саламаттыгына, экономикасына чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошон үчүн алдын ала чаралары көрүп жатабыз. Анын ичинде илдетти оорлоштуруп, өтүштүрүп жибербөө кирет. Гриппке каршы эмдөөлөрдү өз убагынан эртерээк жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Эгерде сасык тумоодон абал начарлап, ага дагы коронавирус кошулса адамга кыйын болот. Мүмкүнчүлүк болсо пневноккок инфпекциясына каршы дагы эмдөөлөрдү жүргүзөбүз. Эмдөөлөр массалык түрдө болушу ыктымал", — деди Үсөнбаев.

10:51 24.05.2020
10:36 24.05.2020

Өткөн суткада өлкө боюнча 38 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, алардын 25и Нарын облусунан катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин брифинги учурунда белгилүү болду.

 Маалыматка караганда, Бишкек шаарынан беш кишиден чыкты, дагы бирөө Санкт-Петербург шаарынан келген мекендешибиз болду. Чүй облусунан үч кишиден табылды. Алар Соль-Илецкиден кайткандар. Ош облусунан эки, Жалал-Абад жана Баткен облусунан бирден оорулуу катталды.

 "Эң көбү Нарын облусунан табылып, алардын саны 25ке жетти. Булар ооругандар менен байланышта болуп, медициналык көзөмөлгө алынгандар", — деп айтылды маалыматта.

 

10:36 24.05.2020
10:35 24.05.2020

Коронавирус жуктуруп алып ооруканада жаткандардын арасынан 11 кишинин абалы оор, төртөө реанимацияда. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

10:06 24.05.2020
09:53 24.05.2020

Коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн өкмөттүн атайын эсебине жеке жана юридикалык жактардан канча каражат түшкөнү белгилүү болду.

 

Денежная база Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: Атайын эсепке канча каражат түшүп, канчасы керектелди
Жаңылыктар түрмөгү
0