Өткөн суткада 23 киши коронавирустан айыкты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДарыгер жана бейтаптар реанимация бөлүмүндө. Архив
Дарыгер жана бейтаптар реанимация бөлүмүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-майга карата республика боюнча жалпы 980 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын бардыгы кайталап анализ тапшырып, таза чыккандан кийин гана үйлөрүнө жиберилди.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан сакайып, ооруканадан 23 адам чыгарылды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Бишкек шаарында – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 7, Баткен облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда  2 жаран сакайды", — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 980 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0