Күздө КРде гриппке каршы массалык эмдөө болушу мүмкүн. Оорунун экинчи толкуну

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүМедик вакцина менен шприцти даярдап жатат. Архив
Медик вакцина менен шприцти даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар экендигин айтып, жакында COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүн билдирген.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Күзүндө коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүнө байланыштуу элди сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүү пландалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Модератор кечээ Республикалык штаб бул оорунун экинчи толкуну болот деген божомолду айтканын билдирип, ага өлкөнүн даярдыгын сураган.

"Вирус менен күрөшүүнүн кийинки этабынын тапшырмалары иштелип жатат. Экинчи толкун дагы калктын саламаттыгына, экономикасына чоң таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошон үчүн алдын ала чараларды көрүп жатабыз. Анын ичине илдетти оорлоштуруп, өтүштүрүп жибербөө кирет. Гриппке каршы эмдөөлөрдү өз убагынан эртерээк жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Эгерде сасык тумоодон абал начарлап, ага дагы коронавирус кошулса, адамга кыйын болот. Мүмкүнчүлүк болсо пневмококк инфекциясына каршы дагы эмдөөлөрдү жүргүзөбүз. Эмдөөлөр массалык түрдө болушу ыктымал", — деди Үсөнбаев.

Мындан тышкары, дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттарын камсыздоо каралып жатканы кошумчаланды.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар экендигин айтып, жакында COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1403 болуп, 980 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он төрт кишинин өмүрүн алган.

Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19дун экинчи толкуну кандай болот? Дарыгерлердин божомолу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0