БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев элди Орозо айт менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Токтомушев Орозо айт тынчтык, биримдик, боорукердик жана өз ара колдоо көрсөтүү сымал адамдык баалуулуктарды бекемдеген мусулмандардын чоң майрамы экендигин белгилеген.
"Бул жылы улуу Орозо айында коронавирус жайылып, элдин коопсуздугу үчүн мечит жабылууга аргасыз болду. Бардыгыңыздар карантиндин эрежелерин так сактап, кайрымдуулук иштерди жасап, сабырдуулук менен 30 күндүк орозону кармап келдиңиздер. Кудай буюрса, бул илдеттен да арылабыз. Жамаат болуп намаз окуганга, мечиттердин ачылышына баарыбыз кызыкдарбыз, күтүп жатабыз. Айт күнү дагы бардык эрежелерди сактап, үймө-үй кыдырып кетпей, бүлөбүз менен чогуу болуп, башка мусулман бир туугандарга үлгү ала турган сапаттарыбызды көрсөтөлү", — деген муфтий.
Токтомушев орозо кармоо тек гана белгилүү бир мөөнөткө ачка калуу эмес, ал адамдын бүтүндөй эркин тарбиялай турганын кошумчалады.
Ал мекендештерге бекем ден соолук, мол ырыскы, тунук ыйман, бейпил жашоо, ийгилик жана береке каалаган.
Эске сала кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу бүгүн, 24-мартта, Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1403 болуп, 980 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он төрт кишинин өмүрүн алган.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -1…+4, Талас жергесинде 0…+5, Ош, Жалал-Абад аймактарында +6…+11, Баткенде +5…+10, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +8…+10 градус болот.