Эртең коомдук транспорт ишин баштайт. Кайсы эрежелерди кармануу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги аялдамалардын биринде кишилер коомдук транспортту күтүп турушат. Архив
Бишкектеги аялдамалардын биринде кишилер коомдук транспортту күтүп турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук транспорттун ичиндеги санитардык талаптардын сакталышы боюнча жоопкерчилик кызмат көрсөтүп жаткан ишканага жүктөлөт.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Эртең, 25-майдан тартып, Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштайт. Анда кандай санитардык талаптар сакталышы керектигин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтып берди.

"Жолго чыгуудан мурда транспорт каражаттары дезинфекцияланат. Бардык металл жана пластик нерселер тазаланышы шарт. Транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны, орундуктардын саны менен чектелүүсү керек. Бардык жарандар милдетүү түрдө бет кап тагынышы зарыл. Ансыз болбойт", — деди Үсөнбаев.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, транспорттун ичиндеги санитардык талаптардын сакталышы боюнча жоопкерчилик кызмат көрсөтүп жаткан ишканага жүктөлөт.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1403 болуп, 980 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он төрт кишинин өмүрүн алган.

Маршруттук унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аймактарга каттаган коомдук транспорт азырынча жүрбөйт. Штабдын билдирүүсү
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0