Беттеги бырышты кетире албай убарасызбы? Скульптуралык массаж тууралуу маек

© Sputnik / Табылды КадырбековСкульптуралык массаждын чебери Мира Кулабаева. Архив
Скульптуралык массаждын чебери Мира Кулабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биз күнөстүү жерде жашагандыктан бетке эрте эле бырыш түшө баштайт. Ар бир адам жаш көрүнүүнү каалайт эмеспи, мындан улам териге кам көрүү тууралуу да айтып берүүнү туура көрдүк.

Бетти укалоо бир гана жашартпастан, тиш ооруганда жаактын шишигин, кулак дартын айыктырып же неврит илдетине чалдыккандардын жүзүн калыбына келтирет. Бул тууралуу скульптуралык массаждын чебери Мира Кулабаева Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде кенен айтып берди.

— Эмне себептен укалоонун бул түрү скульптуралык массаж деп аталып калган?

— Скульптуралык массаж — бул теринин картаюусу менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы. Массаждын жардамы менен бет булчуңдарынын чарчоосу жазылат, шишиктер кетет. Скульпторлор айкелди оңдоп-түзөп жасагандай, скульптуралык укалоо аркылуу бетти өз калыбына келтирүүгө болот. Кээ бир 20 жаштагы кыздардын да бет түзүлүшү өзүнө жакпай калышы мүмкүн. Анткени ар кандай оорулардын кесепетинен беттин формасы өзгөрүп кетет. Мисалга, гаймориттен же аллергиядан дем алуу кыйындап калганда мурун көңдөйүндөгү чөнтөкчөдө ириңдин калдыктары толуп калып, анын натыйжасында бет шишимик тартып калат. Ошондой эле бир жерде жылбай иштегендерде желкеси дуңкуюп, экинчи ээк пайда болот. Ал тургай тиш дарылаганда тиштин бүйлөсүнө оору сездирбеген ийне сайылгандыктан, ал жерде сөзсүз шишик калып калат. Бара-бара анын ордуна билинбей эле суу толо баштайт. Ушул себептерден улам беттин контуру жоголот. Бир жак капталы менен көп жаткандарда да бет түзүлүшүндө ассиметрия пайда болуп, бир жагы чыгып, экинчи жагы кирип же жалпайган өңдөнүп калуусу мүмкүн. Ошол эле Мона Лизанын сүрөтүн караңыз, ал анчалык сулуу болбосо деле сулуулуктун эталону катары айтылып калган. Анын себеби Мона Лизанын бет түзүлүшүнүн симметриялуулугунда экен. Сүрөтчүлөр иликтеп көрүп, анын эки бетинин бири-биринен бир миллиметрчелик да айырмачылыгы жок экендигине күбө болушкан. Негизи эле жашоодо өзүбүзгө билинбегени менен жакындан тартылган сүрөттөн адамдын бет контуру даана байкалат. Скульптуралык укалоо беттеги кемчиликтерди акырындан жоюп, аны идеалдуу формага келтирет.

© Sputnik / Табылды КадырбековМира Кулабаева: Скульптуралык массаж — бул теринин картаюусу менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы. Скульпторлор айкелди оңдоп-түзөп жасагандай, скульптуралык укалоо аркылуу бетти өз калыбына келтирүүгө болот.
Беттеги бырышты кетире албай убарасызбы? Скульптуралык массаж тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Мира Кулабаева: Скульптуралык массаж — бул теринин картаюусу менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы. Скульпторлор айкелди оңдоп-түзөп жасагандай, скульптуралык укалоо аркылуу бетти өз калыбына келтирүүгө болот.

— Бул массаждын келип чыгуу тарыхын нерв оорулары менен байланыштырат экен го?

— Бетти укалоо бир гана жашартпастан, тиш ооруганда жаактын шишигин, кулак дартын айыктырып же неврит илдетине чалдыккандардын жүзүн калыбына келтирет. Инсульт, неврит ооруларында нерв жабыркап, булчуңдар тартылып калгандыктан адамдын дене түзүлүшү бир жагына кыйшайып калат. Бир кездерде ал үчүн ийне сайып же сүлүк курттарды коюп, андан аркы практика жасалбай келген. Бул жаатта француз дарыгерлери инсульт алган адамдар менен дарылоо практикасын тереңдетип, бет сөөккө чейин жеткирип укалоо менен булчуңдарды бошотуп отуруп бетти калыбына келтиришкен. Алар керек болсо мурункудан да жашарганын байкашкан. Ошондон кийин француз врачы Жоэль Сиокко бул укалоону косметологияда жашартуу үчүн колдонууга болорун түшүнүп, скульптуралык укалоо ыкмасын негиздеген. Мында чачтын алдындагы нерв клеткаларынан бери укаланат.

— Бирок дароо эле калыбына келип же жашарып кетпесе керек?

5 жылдык иш тажрыйбасы бар косметолог Айнура Сагынбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Косметолог Сагынбаева: ботокс жасатам деп эркектер да көп келе баштады
— Скульпторлор алгач айкел жасоочу затты ийлеп, жумшартып бир ийге келтирип туруп анан татынакай айкел тургузушат. Массаж жасаганда да беттин дароо эле кырын чыгарып, шишигин кетире албайсың. Алгач сылап, сыдырып, беттеги шишиктерди жумшартып, тиштин бүйлөсүндөгү, теридеги бүртүкчө бездерди майдалап, эзип алып, анан бетти жакшынкай формага келтиребиз. Укалоо процессинде теринин алдындагы суулар да активдешет. Муну өтө кылдат жасоо керек. Анткени беттин ар бир чарчы сантиметринде 200дөн ашык нерв клеткасы бар. Гайморит болгондон кийин ашыкча суюктуктардын сыртка агып чыгып кетүүсү үчүн укалап, сыдырып түздөө керек. Скульптуралык массаждын бир курсу 10 күнгө созулат. Андан кийин да адис көрсөткөндөй бетти туура жууп, кароо керек. Кээ бир адамдар ден соолугун доктурларга тапшырып салган өңдүү айрым айымдар келбетин косметологдорго ишенип коюшкан. Бул туура эмес. Бир жакка кийип барып келип чечип койгудай бет деген кийим эмес. Мындайча айтканда, адам спорт залга барып денесин машыктырып, ашыкча суюктук, майларды тер менен чыгарып салат. Ал эми бетти укалоо аркылуу машыктырабыз. Массаж желкеден омуртканын эки жакка кеткен булчуңдарына, баштын ар бир нерв клеткасына жасалат. Беттеги токсиндер жакшы кан жүгүргөндөн кийин чыгып кетет.

© Sputnik / Табылды КадырбековМира Кулабаева: Француз дарыгерлери инсульт алган адамдар менен дарылоо практикасын тереңдетип, бет сөөккө чейин жеткирип укалоо менен булчуңдарды бошотуп отуруп бетти калыбына келтиришкен. Алар керек болсо мурункудан да жашарганын байкашкан. Ошондон кийин француз врачы Жоэль Сиокко бул укалоону косметологияда жашартуу үчүн колдонууга болорун түшүнүп, ыкманы негиздеген.
Беттеги бырышты кетире албай убарасызбы? Скульптуралык массаж тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Мира Кулабаева: Француз дарыгерлери инсульт алган адамдар менен дарылоо практикасын тереңдетип, бет сөөккө чейин жеткирип укалоо менен булчуңдарды бошотуп отуруп бетти калыбына келтиришкен. Алар керек болсо мурункудан да жашарганын байкашкан. Ошондон кийин француз врачы Жоэль Сиокко бул укалоону косметологияда жашартуу үчүн колдонууга болорун түшүнүп, ыкманы негиздеген.

— Үй шартында жасоого болобу?

— Жок, болбойт. Себеби мунун өзүнүн техникасы бар. Туура эмес укаласа, кан айланууга доо кетип же беттин түзүлүшүн бузуп алуу мүмкүн. Француз массажын беттин анатомиясын жакшы билген адис гана жасашы керек. Бул массажды жасаткандан кийин тамакка да дыкат мамиле зарыл. Ошондой эле сууну көп ичүү талап кылынат. Негизи эле сууну салмагына жараша туура убакта ичип туруу керек. Бул келбетке да, ден соолукка да пайда.

— Баасычы?

— Толук бир курсу 10 миң сомдун тегерегинде болот. Массаж эффективдүү болушу үчүн аны беш күн удаа алуу керек. Калган беш массаж эки жумада бир жасалып турат.

— Акыркы кезде пластикалык операция менен деле өң-келбетти оңдоп жатышат го?

— Азыр көбү түшүнбөй эле көздүн үстүндөгү түшүп калган терини кестирип коюп жатышат. Ал тери кайтадан эле түшөт. Анткени чеке булчуңу чачтын алдына бастырылган. Ал тери ылдый түшө берген сайын каштын үстүндөгү булчуң аны кармай албайт. Көздүн үстүндөгү шишикти да укалоо жолу менен кетирүүгө болот.

© Фото / из личного архива Миры КулабаевойКулабаева: Ботокс булчуңдун иштешин жокко чыгарып, аны тоңдуруп шал кылып салат. Булчуңдардын арасында толтурулган гель эки айдан кийин күчүн жоготуп, беттеги булчуңдар мурдагыдан да шалбырап бузулат.
Беттеги бырышты кетире албай убарасызбы? Скульптуралык массаж тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Кулабаева: Ботокс булчуңдун иштешин жокко чыгарып, аны тоңдуруп шал кылып салат. Булчуңдардын арасында толтурулган гель эки айдан кийин күчүн жоготуп, беттеги булчуңдар мурдагыдан да шалбырап бузулат.

— Ботокс сайдыргандарга кандай карайсыз?

Врач-косметолог Жанара Кубаныч  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Косметолог: аял менен эркектин бетине эки башка кам көрөбүз
— Ботокстун толук аталышы — ботулотоксин. Аты айтып тургандай эле, бул зыяндуу нерсе. Ботокс булчуңдун иштешин жокко чыгарып, аны тоңдуруп шал кылып салат. Организмде канчалаган кан айлануучу жана лимфатикалык кан тамырлар бар. Булчуңдардын арасында толтурулган гель эки айдан кийин күчүн жоготуп, беттеги булчуңдар мурдагыдан да шалбырап бузулат. Муну муздаткычка этти тоңдуруп, алып чыгып эриткенден кийинки абалга салыштырыңыз. Ботокс сайдыруунун зыянын аны жасаган дарыгерлер эч качан айтпайт. Эң опурталдуу жагы, бет баш сөөктө жайгашкандыктан токсин сөзсүз мээге өтөт. Бул ракка алып келиши мүмкүн. Буга россиялык ырчылар Жанна Фриске, Юлия Началова, Анастасия Заворотнюктун тагдыры деле күбө. Булардын жаш кезинен эле ботокс сайдырганын айтышат. Ал эми беттеги берчтер нервдин иштөөсүнө тосколдук жаратып башты оорутат.

— Косметолог катары бетке кандай кам көрүүнү сунуштаар элеңиз?

— Адамдын жан дүйнөсүнүн абалы, эмоциясы жүзүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Жаш өткөн сайын адамдын бети өзгөрө баштайт. Бирок айрым адамдар кабагын дайыма бүркөп, бетти ашыкча тырыштырып күлгөндүктөн чекеде, көздүн айланасында эрте эле бырыштар пайда болот. Эгер адам жүзүнө мимикалык бырыштар эрте түшүп баштаганын байкаса, адат болуп калган эмоцияларды азайтууга аракет кылышы керек. Учурда бул маселеден косметологиялык кызматтардын жардамы менен арылып келишет. Ал эки-үч ай гана жетиши мүмкүн. Ошондуктан массаж жасап, табигый жол менен жашаруу ыкмасын сунуштайт элем. Алсак, бул нерсени үйдөн деле крем коюп жатып колдонсок болот. Учурда интернет айдыңында бетке массаж жасоону үйрөткөн бир нече видео сабактар бар

© Фото / из личного архива Миры КулабаевойМира Кулабаева: Француз массажын беттин анатомиясын жакшы билген адис гана жасашы керек. Бул массажды жасаткандан кийин тамакка да дыкат мамиле зарыл.
Беттеги бырышты кетире албай убарасызбы? Скульптуралык массаж тууралуу маек - Sputnik Кыргызстан
Мира Кулабаева: Француз массажын беттин анатомиясын жакшы билген адис гана жасашы керек. Бул массажды жасаткандан кийин тамакка да дыкат мамиле зарыл.

— Косметикалык каражаттар да бетке бырыш түшүүдөн сактай алабы?

— Көңүлдүү маанайда жүрүү жана косметикалык каражаттарды туура колдонуу бырыштын алдын алат. Азыр косметиканын түрү көп. Кыргызстан күнөстүү өлкө болгондуктан сөзсүз күндөн коргонуучу кремдерди колдонушубуз шарт. Антпесе бетке эрте эле бырыш түшүп кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0