Чолпонбаев Мукар Шалтакович — өмүр баяны

Жазылуу
Мукар Чолпонбаевдин өмүр баяны менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымалдан" таанышыңыз.

Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусунун Өрүктү айылында туулган. 1976-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Мындан тышкары, Ташкент башкаруу жана саясат таануу институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1976-1984 — прокуратура органдарында иштеген;
  • 1984-1991 — Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинде юридикалык бөлүмдө башчынын орун басары, кийин бөлүм башчы;
  • 1991-1993 — Чүй облустук юстиция башкармалыгынын башчысы, президенттин аппарат бөлүмүнүн башчысы;
  • 1993-1996 — юстиция министри;
  • 1995-1997 — Жогорку Кеңештин спикери.

Чолпонбаев легендарлуу парламенттин жана Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты болгон.

Ал 2020-жылдын 24-майында 70 жаш курагында дүйнө салды. Экс-спикер коронавирус жуктуруп, инфекция анын бир топ ооруларын козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0