Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көлдөгү Кырчын жайлоосуна көрүнүшү. Архив
Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосуна көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-майда республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. 

БИШКЕК, 24-май. — Sputnik. Республикада күндүн ысыгы 35 градуска чейин чыгат, жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө  +29...+34, Талас аймагында +28...+33, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын жергесинде +23...+28 градус болору айтылды. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында аптап +30...+35 градуска чыгат. 

Күндүн табы борбор калаада +32...+34, Ошто +33...+35 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0