Доллар купюралары коопсуз бет капчан. Архив

Дүйнөдөгү 25 миллиардердин байлыгы эки айда 255 млрд долларга өстү

218
(жаңыланган 12:12 11.08.2020)
Эң бай 25 адамдын мал-мүлкү учурда 1,5 триллионго жеткендиги болжолдонуп, дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгынын 16 пайызын түзгөндүгү айтылууда.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Акыркы эки айда дүйнөдөгү эң бай деп табылган 25 адамдын кирешеси коронавирус пандемиясына карабай 225 миллиард долларга өстү. Бул тууралуу Forbes басылмасына шилтеме кылып "Известия" жазып чыкты.

Аталган басылма миллиардерлерге 23-марттан 22-майга чейин көз салган. Эң бай деп табылган 25 адамдын мал-мүлкү учурда 1,5 триллионго жеткендиги болжолдонуп, дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгынын 16 пайызын түзгөндүгү айтылууда.

Алардын ичинен эки айда Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг ири киреше тапкан. Анын байлыгы 31,4 миллиар доллардан 86,5 миллиард долларга чыгып, Facebook компаниясынын акцияларынын баасы 60 пайызга жогорулаган. Жыйынтыгында Цукерберг жер бетиндеги бай адамдардын ичинде жетинчи орунду ээлесе, эки айда түртүнчү орунга чыккан.

Миллиардерлердин ичинен онлайн-соода менен алектенген Pinduoduo компаниясынын ээси Колин Чжэн Хуан эки айда 17,9 миллиард доллар таап, байлыгы 35,6 миллиард долларга жетти.

Ал эми Amazon компаниясынын ээси Джефф Безос эки айда 29,9 миллиард доллар киреше көрүп, анын байлыгы 146,9 миллиардга чукулдаган. Белгилей кетсек, ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башында турат.

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин мүлкү 11,9 миллиард доллардан 106,5 миллардга, франциялык LVMH (Louis Vuitton Moet Hennessy) компаниясынын генералдык директору Бернар Арнонун кирешеси 12,8 миллиард доллардан 94,1 миллиард долларга өссө, Berkshire Hathaway инвестициялык фонддун башчысы Уоррен Баффет 69,2 миллиарддын ээси болуп калды.

218
Белгилер:
байлык, Forbes журналы, коронавирус, миллиардер
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1389)
Тема боюнча
Коронавирустан улам дүйнөнүн эң бай адамдары 444 млрд. долларын жоготту
1,4 млрд. доллары бар экен. Россиядагы эң бай аялдын ким экени айтылды
Баткендеги чек ара чырынан качкындар

Чек арада жабыркагандарга компенсацияны кимдер бөлүштүрөт

13
(жаңыланган 12:28 07.05.2021)
Кармышаковдун айтымында, өкмөт 2010-жылкы окуялардан кийин түзүлгөн комиссиянын кетирген каталарын эске алды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга бериле турган компенсацияны бөлүштүрө турган комиссиянын курамына коомчулуктун, жергиликтүү бийлик башкармалыгынын өкүлдөрү жана компетенттүү адамдар кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Министр чек арада жабыркаган жарандарга берилчү компенсация боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда уюштурулган брифингде маалымат берди.

Анын айтымына караганда, өкмөт 2010-жылдагы окуялардан кийин кеткен катачылыктарды эске алган.

"Биз мурдагы комиссиянын катачылыктарын талкуулап, кетирилген мүчүлүштүктөрдү эске алдык. Мен бул жолку компенсация адилеттүү бөлүштүрүлөрүнө 100 пайыз кепилдик берем. Биздин колубузда чек ара чырында жабыркагандардын жана каза болгондордун толук тизмеси бар", — деди Кармышаков.

Министрдин маалыматы боюнча, Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылыштан 190 адам жабыркаган. Анын 36сы курман болуп, дагы 154 киши түрдүү жаракат алган. Ал ошондой эле жапа чеккендерди дарылоого бардык шарт түзүлгөнүн жана керектүү дары-дармектер жетиштүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом, жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берүүнү убадалаган. Компенсация үчүн төлөнө турган каражат республикалык бюджеттен алынат.

13
Белгилер:
Жаңжал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат
Баткендеги чек арада абал тынч, адистер иштеп жатат. Сүрөт
Баткен районундагы турак жайдын фундаментин салуусу. Архив

Кармышаков: курулуш компаниялары баткендиктерге күзгө чейин үй салып берет

22
Экономика министри өкмөттүн атынан өз каалоосу менен үй салып берем деген ишкер, курулуш компанияларынын жетекчилерине ыраазчылык билдирди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Өкмөт менен жолугушуу учурунда курулуш компаниялары Баткенде чек ара чырынан турак жайы жок калгандарга 1-сентябрга чейин үй салып берүү ниетин билдиришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыр качкындардын баарына убактылуу жашап туруу үчүн ӨКМдин чатырлары берилген.

"Президент үй-жайынан ажырагандардын баарына там салып берүү тапшырмасын койду. Бул багыт боюнча министрлер кабинети ишкерлер, анын ичинде курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдүк. Алар 1-сентябрга чейин жабыркагандарга бардык шарты менен үй салып берүү ниетин билдиришти", — деди экономика министри.

Кармышаков курулуш компанияларынын бири 30 үй салып берүүнү убадаласа, кээ бири 10, айрымдары 6-8ден там салууну айтышканын белгиледи.

"Жардам берем дегендер көп. Биз алардын баарын чогултуп туура жолго багытташыбыз керек. Республикалык бюджеттен кошумча 700 миллион сом бөлдүк. Анын 200 миллиону талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн ӨКМге берилсе, 500 миллиону чек ара чырынан жабыркаган башка объектилерди оңдоого жумшалат" — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары социалдык объектилер республикалык бюджеттин эсебинен оңдоло турганын кошумчалады.

Ал өкмөттүн атынан өз каалоосу менен үй салып берем деген ишкер, курулуш компанияларынын жетекчилерине ыраазчылык билдирди.

22
Белгилер:
чыр, чек ара, курулуш, үй, жардам, Улукбек Кармышаков, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек