Бир суткада 12 киши вирусту жеңип, ооруканадан чыкты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДезинфекция роддома в Санкт-Петербурге
Дезинфекция роддома в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча жалпы 992 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сакайгандардын көбү Бишкек шаарынан жана Ош облусунан болду.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде ооруканадан 12 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Бишкек шаарында алты, Ош облусунда үч, Нарын облусунда экөө жана Жалал-Абад облусунда бирөө сакайды", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстандагы COVID-19

Республика боюнча жалпы 992 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0