Күйөөсү 30 жыл урган аял соттун сөзүн угуп нес болду. Кризистик борборлордун иши

© Фото / Pixabay / Marcello MigliosiСлучаи семейного насилия в КР
Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Толкун Төлөкова жардамга муктаждардын арасындагы 30 жыл бою чоң муштум жеп өмүр сүргөн аялдын тагдырын эстеп кейиди. Айтымында, акыры ал чыгынып, милицияга кайрылууга даайт. Жардамга кризистик борбордун кызматкерлери кол сунуптур.

Кризистик борборлор ассоциациясынын аткаруучу директору Толкун Төлөкова Sputnik Кыргызстандын кабарчысына карантин маалында жарандар кабылган окуялар, кризистик борборлордун көйгөйлөрүнөн кеп салып берди. 

© Фото / из личного архива Толкун ТюлековойКризистик борборлор ассоциациясынын аткаруучу директору Толкун Төлөкова
Күйөөсү 30 жыл урган аял соттун сөзүн угуп нес болду. Кризистик борборлордун иши - Sputnik Кыргызстан
Кризистик борборлор ассоциациясынын аткаруучу директору Толкун Төлөкова

— Кризистик борборлор үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга кантип жардам берет?

Темир тор артындагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жорж Клунинин фонду Оштогу соттолгон аялдын укугу үчүн күрөшүүдө
— Биз психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтөбүз. Бирок, тилекке каршы, кээ бир борборлордо каржылоонун жоктугунан улам бир-эки гана адис эмгектенет. Алар караманча тартыш. Мисалы, ар бир аял жок эле дегенде үч психологиялык консультацияга муктаж. Ар бири кеминде эле бир саатка созулат. Андан тышкары, айрым борборлордо жалгыз гана юрист иштейт. Ал же кылмыш ишин, же жарандык ишти гана алып барат. Көрсөтүлгөн социалдык жардамдын эбегейсиздигин элестете да албайсыздар. Кыз-келиндердин документтерин кайра жасатып беребиз, мамлекеттик органдарга кайрылабыз. Анткени көпчүлүгү кайда барышты, кантип арыз жазышты билбейт. Ошондой эле балдарды бакчага же мектепке киргизүү маселелери чыгат. Себеби чоң муштум күйөөлөрүнөн кеткен аялдардын орточо экиден-төрттөн баласы бар. Анан да кыргызстандыктар үстүндө эмне болсо, үйдөн ошол боюнча чыгышат. Мындай учурда аларга жана балдарына кийим-кече, бут кийим, ич кийим, жеке тазалык каражаттары өңдүү жардам топтоо зарыл болот... Жакында эле бизге үч келин кайрылды. Зордук-зомбулуктан улам сүтү чыкпай калыптыр. Ымыркайларына атайын азык керектелди. Мындан сырткары, бизге кайрылгандардын жумушка орношуусуна да көмөктөшүүбүз кажет. Бир кесипти өздөштүрүү үчүн кай бирлерин ар кандай курстарга жаздырабыз.

— Айрым маалыматтар боюнча, 24-марттан 24-апрелге дейре Бишкекте зордук-зомбулук боюнча 162 учур катталган. Былтыр ушундай эле маалда бул көрсөткүч 100дүн тегерегинде экен. Карантинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алдыбы?

— Буга бир нече фактор таасир этти. Мисалы, көп адамдар күнүмдүк оокатын тапкан жумуштарда иштечү. Алган акчасына дароо азык-түлүк алып, артканын турак жай ижарасына чогултушчу. Карантин маалында алар жумушсуз калышты. Баарынан жаманы — кырдаалдын жакшырышынан үмүт үзгөндөрү. Ошол себептен адамдар кыжырланып, агрессивдүү боло башташты.

Ар биринде эле өз-өзүнчө бөлмөлөрдө жашоого, өз мейкиндигине ээ болууга шарт жок. Ата-энелер азыр күнү-түнү балдарынын жанында болуп, алар менен бирге окууга аргасыз. Баары эле муну көтөрө албайт. Мындай көйгөйлөрдү чечүү ниетинде карантин башталганда кризистик борборлор калкка психологиялык жардам көрсөтүү үчүн ишеним телефондорун ачкан.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков“Карантин учурунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жасалган учурлар кездешти”, - деди Толкун Төлөкова
Күйөөсү 30 жыл урган аял соттун сөзүн угуп нес болду. Кризистик борборлордун иши - Sputnik Кыргызстан
“Карантин учурунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жасалган учурлар кездешти”, - деди Толкун Төлөкова

— Карантин шартында кайсы көйгөйлөр менен көп кайрылышат?

— Эң оболу гуманитардык жардам көрсөтүүнү, азык-түлүк сатып берүүнү суранышты. Көп адамдарга психологиялык жардам керек. Айрымдар балдарына түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүп берүүнү өтүнүштү. Кээ бири насыя төлөө, шаар ичинде жүрүү, дарыгерге баргандагы коопсуздук тууралуу сурашты... Мындан тышкары, жарандардын көбү эмгек укуктарынын бузулушуна даттанышты.

Кыз кукла менен ойноп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна чалгандар үч эсе көбөйдү
Анан, албетте, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук да жок эмес. Ушундай учурларда адистер биринчи кезекте кырдаалдын курчтугун баалоого, өмүргө жана саламаттыкка коркунуч болуп-болбогонун түшүнүүгө, ошондой эле коопсуздук планын түзүүгө көмөктөшүшөт. Аялдар менен биргеликте жагдайдан чыгуу жолдорун талкуулашат.

Эгер юридикалык жардам зарыл болсо, ишке жактоочуларды тартабыз. Мындай учурлар үчүн биздин жактоочулардын окуу борбору менен келишимибиз бар. Алар зордук-зомбулуктан жабыр тарткандарга кеп-кеңеш берип, акысыз кызмат көрсөтүшөт. 

— Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча маалыматтар укук коргоо органдарына дайым жетеби?

— Жок, албетте. Кээ бири коркконунан милицияга кайрыла албайт. Айрымдары үйдөн кеткиси келип, көмөктөшүүнү өтүнүшөт. Биз аялдарга алардын укугун түшүндүрүүгө, көндүрүүгө аракет кылабыз. Бирок кандай болсо да өздөрү чечим кабыл алышат.

— Билишимче, пандемиядан улам азыр кризистик борборлор аялдарды кабыл албайт. Ушундайбы?

— Өтө муктаждарды карантин убагында да кабыл алышат. Айрымдарына туугандарыныкына жетип алууга жардам көрсөтсө, кээ бирин баш калкалаар жайларга жеткирүүгө көмөктөшөт. Башка арга жок.

Эгер мамлекеттик же эл аралык уюмдардан түзүк каржылык жардам болсо, кыйла көп кишиге көмөктөшмөкпүз. Азыр бир кризистик борборго жылына 600-800 миң сом бөлүнөт. Өзүңүз калчап көрүңүз, ар бир аялга бир күндүк үч маал тамагына 80-100 сомдон каралган. Бул каражатка биз кайрылган аялдардын да, алардын балдарынын да тамагына жеткирүүгө тийишпиз. Карантин маалында баш калкалаар жайларда бет кап, санитайзерлер, азык-түлүк болушу зарыл. Бирок адегенде муздатуучу жабдуулар  же азык-түлүк сактоо үчүн орун барбы деп сураңыз... 

© Фото / предоставлено Толкун ТюлековойКризистик борборлор ассоциациясынын командасы аялдарга жардам көрсөтүүнү биринчилерден болуп колго алган
Кризистик борборлор ассоциациясынын командасы аялдарга жардам көрсөтүүнү биринчилерден болуп колго алган - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кризистик борборлор ассоциациясынын командасы аялдарга жардам көрсөтүүнү биринчилерден болуп колго алган
© Фото / предоставлено Толкун ТюлековойКайрылуулардын көбүрөөгү гуманитардык жардам көрсөтүү, азык-түлүк сатып берүү боюнча түшкөн
Кайрылуулардын көбүрөөгү гуманитардык жардам көрсөтүү, азык-түлүк сатып берүү боюнча түшкөн - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кайрылуулардын көбүрөөгү гуманитардык жардам көрсөтүү, азык-түлүк сатып берүү боюнча түшкөн
© Фото / предоставлено Толкун ТюлековойКарантин маалында алар жумушсуз калгандыктан, бир топ кыйналды
Карантин маалында алар жумушсуз калгандыктан, бир топ кыйналды - Sputnik Кыргызстан
3/3
Карантин маалында алар жумушсуз калгандыктан, бир топ кыйналды
1/3
Кризистик борборлор ассоциациясынын командасы аялдарга жардам көрсөтүүнү биринчилерден болуп колго алган
2/3
Кайрылуулардын көбүрөөгү гуманитардык жардам көрсөтүү, азык-түлүк сатып берүү боюнча түшкөн
3/3
Карантин маалында алар жумушсуз калгандыктан, бир топ кыйналды

— Кризистик борборлордо аялдар менен балдарды коронавируска текшеришеби?

— Бизге кайрылган бардык аялдар сурамжылоодон өтөт. Соңку убактарда кайда барышканын, ким менен байланышканын тактайбыз. Андан соң медицина кызматкерлерин чакырабыз. Эгер кандайдыр бир клиникалык белгилери байкалса, коронавируска тест тапшыртышат. Ал эми бул убакта аялдар обочолонгон бөлмөлөргө жайгаштырылат.

— Үйдө кордук көргөндөргө кол сунуу үчүн өкмөт эмнелерге көңүл бурушу кажет?

— Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйүн комплекстүү карап, ар бир топтун өзгөчөлүктөрүн өзүнчө эске алуу абзел. Мисалы, көп балалуу аялдар, кош бойлуулар. Мындан сырткары, алимент төлөө жана бизге кайрылган аялдардын мүлк укугун камсыздоо маселесин көтөрүү керек. Кордук көргөн аялдарга комплекстүү көмөк көрсөтүү үчүн атайын мамлекеттик жана социалдык жатакана ачуу зарыл.

— Запкы жеген аялдарга үйдөн кетиш үчүн алдын ала сумка даярдап коюуга кеңеш берилерин эшиткеним бар. Биринчи кезекте эмнелерди жанына алуусу абзел?

— Ооба, аны "кабатыр баштыгы" деп койсок болор. Жеңил, ыңгайлуу, бирок ошол эле учурда сыйымдуу болгону жакшы. Аялдын өзүнүн, балдарынын документтери, ичкен дары-дармеги, бир аз кийим-кече жана тазалык каражаттары, анан да сөзсүз түрдө үйдүн ачкычы болгону дурус. 

© Фото / из личного архива Толкун ТюлековойТөлөкова: Биз аялдарга алардын укугун түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Бирок кандай болсо да чечимди өздөрү кабыл алышат.
Күйөөсү 30 жыл урган аял соттун сөзүн угуп нес болду. Кризистик борборлордун иши - Sputnik Кыргызстан
Төлөкова: Биз аялдарга алардын укугун түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Бирок кандай болсо да чечимди өздөрү кабыл алышат.

— Өз тажрыйбаңыздагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кандай учурун эң оор деп эсептээр элеңиз?

— Айтыш татаал, себеби кордук көргөндөрдүн ар бирине кыйын. Көпчүлүгү жылдап кордукка чыдап жүрө берет... Мисалы, бир аял  өмүр бою кордук көргөн. Капысынан биздин бир семинарга катышып калат. Ошондон кийин 30 жылда биринчи ирет милицияга кайрылууга даайт. Баштан-аяк, арыз жазуудан жумушка киргенге чейин жардамдаштык.

Балкондо турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантин маалында үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбөйүп жатат. Психолог менен маек
Бир убакта сот фемиданын атынан эмес, эркек катары анын жолдошун жарга такап: "Аялыңа кол көтөрүүгө сенин кандай акың бар?!" – деп сурабаспы. Анын бул сөзүнөн улам ал келин айран-таң калды. Эркектер кол көтөрбөстөн, аялдарга болуша да билерин күтпөптүр ал. Соттук отурумдан кийин "эгер ушундай болорун билгенде эбак эле жардам сурап кайрылмак экенмин" деп өкүндү.

Биз кол сунган дагы бир келин 12 жыл бою катуу кемсинип, экономикалык запкы көрүп жана күйөөсүнөн таяк жеп келген. Колуна тийген маянасын күйөөсү тартып алып, уруп-сабачу экен. Үйдүн ижарасын да төлөбөй, ал тургай кан-жанынан жаралган балдарына тамак-аш да алып бербей кордогон. Жумалап, кээде айлап үйгө жолобойт, бул убакта аялы жана балдары ачка отурушчу.

Күйөөсү менен ажырашууга бир нече жолу аракет кылат. Бирок уулун мектептен жаңы көчкөн үйүнө чейин аңдып барып таап алат да, баягынын баары кайрадан башталат. Жарым жылдан кийин ал келин бизге кайрылды. Ошентип баары түп-тамырынан бери өзгөрдү. Бүгүн анын туруктуу маянасы бар, бала-чакасы менен социалдык турак жайда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0