Соода борборуна кирип бараткан аял - Sputnik Кыргызстан

COVID-19 менен алышкан Кыргызстан. Өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстан эки айдан бери коронавирус менен күрөшүн улантып жатат. Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Анткен менен дээрлик бардык ишкана, мекемелердин иши жанданды.

Окумуштуулардын күздө коронавирустун экинчи толкуну болот деген божомолунан улам кыргыз бийлиги да ага даярдыктарын көрө баштаганы маалым болду. Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын басымдуу бөлүгү сакайганы менен инфекцияны жуктуруп алгандар да арбын чыгууда.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
14:51 26.05.2020
13:19 26.05.2020

Эгер Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуп кете турган болсо, чектөөлөр кайра күчөтүлүп, зарыл болгон нерселер токтотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифинг учурунда билдирди.

 

Ситуация в Оше с введением ЧП в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Ош мэриясы: вирус жайылып кетсе, чектөөлөрдү кайрадан күчөтөбүз
13:18 26.05.2020
11:32 26.05.2020
  • Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын COVID-19  боюнча КР штабы (https://t.me/RshKRCOV) Расмий телеграмм каналынан. 
  • Саламаттык сактоо министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек ш. мэриясына келип түшкөн кайрымдуулук жардам тууралуу жана анын максаттуу бөлүштүрүлүшү тууралуу маалымат help.covid.kg маалыматтык ресурсунда жайгаштырылат. ⠀
  • Кыргызстандагы COVID-19 илдети тууралуу актуалдуу статистикаларды жана башка маанилүү маалыматтарды covid.kg расмий сайтынан биле аласыздар.

Маалыматты Республикалык штаб таратты. 

11:31 26.05.2020

COVID-19 вирусун күчүктөр да аныктай алабы? Тегеран шаарындагы иттерди үйрөткөн борбордун кызматкерлери бул ыкманы текшерип көрүшкөн.

 

11:30 26.05.2020

Адамдын курт-кумурскалардан коронавирус жуктуруп алуу кооптуулугу өтө төмөн. Бул тууралуу Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматына (Роспотребнадзор) таянып РИА Новости жазды.

 

Укусы комаров  - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус чымын-чиркей аркылуу жугушу мүмкүнбү? Адистердин пикири
11:28 26.05.2020
11:23 26.05.2020

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта стационарда жалпы 437 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен сегизи оор абалда, төртөө жандандыруу бөлүмүндө.

 

 

11:22 26.05.2020

Кыргызстанда өткөн суткада 35 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

  • Бишкек ш. – 12 + 4 Россиядан келген аскер кызматкерлеринен;
  • Чүй облусу - 4 + 3 Соль-Илецкиден келгендерден;
  • Ош облусу – 4;
  • Нарын облусу – 8.


Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 1468 болду.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0