Өлкөдө өткөн суткада коронавирус 35 адамдан табылды

© AFP / MIGUEL RIOPAКоронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгү
Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча 1015 бейтап ооруканадан айыгып чыккан. Бирок инфекция табылган адамдардын саны азайбай жатканы да анык болду.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 35 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

  • Бишкек ш. – 12 + 4 Россиядан келген аскер кызматкерлеринен;
  • Чүй облусу - 4 + 3 Соль-Илецкиден келгендерден;
  • Ош облусу – 4;
  • Нарын облусу – 8.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 1468 болду.

Кыргызстандагы COVID-19

Врач Илья Чайников в инфекционной больнице РЖД-Медицина - Sputnik Кыргызстан
Баары Бишкектен. Сутка ичинде беш ак халатчан вирус жуктуруп алды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0