Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүЖүргүнчү учак аэропортко конуп жатат. Архив
Жүргүнчү учак аэропортко конуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөгө келип конгондордун көбү Индияга дарылануу жана ар кандай иштерди бүтүрүү үчүн барышкан. Учурда алар дагы обсервацияга жайгаштырылды.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекке Индиядан чартердик каттам менен Кыргызстандын 22 жараны алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Air India авиакомпаниясынын Дели — Бишкек — Дели маршруту боюнча келишти. Бул Индия тарабынан ал жактагы кыргызстандыктарды чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттамы болду.

"Өлкөгө конгон 22 кишинин көбү дарылануу жана ар кандай иштерди бүтүрүү максатында Индияда болушкан. Учурда бардыгы белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтып келиши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Оренбургдан дагы 413 жаран автобус менен алып келинди
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468 адамга жетти. Андан 1015 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланган. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0