Кыргызстан-Канада медиктери COVID-19 менен күрөшүү боюнча кызматташууну сүйлөшүүдө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык борбордун кызматкерлери. Архив
Медициналык борбордун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери медицина тармагындагы кызматташтыкты талкуулаган. Анын ичинде COVID-19 менен күрөшүү маселеси жана башка темалар бар.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандык жана канадалык дарыгерлер коронавируска каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашат. Бул туурасында КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди - Sputnik Кыргызстан
Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт
Маалыматка ылайык, министр Чыңгыз Айдарбеков Канаданын ТИМ башчысы Франсуа-Филипп Шампан менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Тышкы иштер мекемелеринин жетекчилери COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча кызматташууну талкуулаган. Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык финансы институттарындагы карыз жүгүн жеңилдетүү жөнүндө сүйлөшкөн.

"COVID-19 менен ооругандарды дарылоого түздөн-түз катышкан эки өлкөнүн медицина адистеринин ортосунда байланышты түзүү макулдашылды. Бул — тажрыйба алмашуу максатында жасалып жаткан аракет. Мындан тышкары, экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана гуманитардык байланыштарды илгерилетүү жагынан да кызматташуу пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштардын графиги талкууланган.

Учурда Кыргызстанда 1500гө жакын киши вирус жуктурса, Канадада ооругандардын саны 86 миңден ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0