ИИМдин кызматкерлери Ош шаарындагы өткөрүү пунктунда. Архив

Ош мэриясы: вирус жайылып кетсе, чектөөлөрдү кайрадан күчөтөбүз

268
(жаңыланган 14:08 26.05.2020)
Белгилей кетсек, 26-майга карата Ош обулусу боюнча коронавируска кабылгандардын саны 346га жетти. Алардын 135и Ош шаарында.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эгер Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуп кете турган болсо, чектөөлөр кайра күчөтүлүп, зарыл болгон нерселер токтотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифинг учурунда билдирди.

Ага журналисттер "коомдук транспорттун ишке кириши менен вирус жайылып кетсе, ал кайра токтотулабы?" деген суроо беришти.

"Азыр айдоочуларга коомдук транспорт 60 пайызга гана толсун жана жүргүнчүлөр шахматтык негизде отурсун деп талап койдук. Мунун аткарылышын көзөмөлдөө үчүн бардык тараптар иштеп жатат. Бирок вирус капысынан күч алып кете турган болсо, аны ооздуктоо үчүн токтотчусун токтотууга аргасыз болобуз", — деди Турдуев.

Анын айтымында, Ош шаарында дагы деле дезинфекция иштери күчөтүлгөн тартипте улантылууда.

Белгилей кетсек, 26-майга карата Ош обулусу боюнча коронавируска кабылгандардын саны 346га жетти. Алардын 135и Ош шаарында.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468 адамга жетти. Андан 1015 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

268
Белгилер:
коомдук транспорт, коронавирус, Ош, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1782)
Тема боюнча
ДССУ коронавируска каршы препаратты сыноону токтотту. Аны КР дагы алган
Бишкектеги Улуттук госпиталдан дарыланып чыккан кишиден коронавирус аныкталды
Салат жасоо. Архивдик сүрөт

Семиртпейт. Уктаарда коркпой жеп жата турган тамак-аш, азыктар аталды

33
(жаңыланган 08:31 08.07.2020)
Дарыгердин айтымында, кечки тамакты уктаарга эки саат калганда жеп алган оң. Жатарда коркпой жесе боло турчу азыктардын арасында алма, сабиз да бар.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Дарыгер-диетолог Михаил Гинзбург уктаарда жеп жатууга боло турган, ошол эле учурда ден соолукка зыян алып келбеген азыктарды атады. Дарыгердин кеңештерин РИА Новости жарыялаган.

Адистин айтымында, кечки тамакты уктаарга эки саат калганда жеп алган оң.

Бут шишидиби? Ысыкта туура тамактануунун жолу айтылды

Сабиз, бадыраң жана алма — булар, биринчиден, жашылча, экинчиден, таттуу жемиштердин катарына кирбейт. Мындан улам аларды жатарда коркпой эле жей берсе болот. Дарыгердин айтымында, аларды катыратып жеген учурда мээ эс алып, коркуу, чочулоо сезимдерин басаңдатат. Ошондой эле стресс гормонунун деңгээлин азайтат.

Белок дагы эч коркунуч жаратпайт. Алсак, организм сууга бышкан жумуртканы жана сүт кошулбаган омлетти жакшы сиңирет. Мындан сырткары, балык жеген пайдалуу. Анткени ал омега-3 майлуу кычкылдарына бай. Ошондой эле куш этин жесе да болот. Буларда уйкуну жөнгө салган мелатонинди бөлүп чыгарууга жардам берген триптофан аминокычкылы бар.

Кабыгы да пайдалуу. Сөөктү бекемдеп, рактын алдын алчу азык айтылды

Улпак же кебек клетчаткага бай азык. Алар инсулиндин деңгээлин азайтып, адамды ток алып жүрөт. Мындан сырткары, анда борбордук нерв системасын эс алдырган магний дагы көп.

33
Белгилер:
туура тамактануу, витамин, нерв, азык, тамак, диетолог
Тема боюнча
Күнгө туура жана текши күйүүгө тамак-аш да таасир этет
Индиялык кыз тамак-аш татымалынан дүйнөдөгү эң чоң сүрөт тартты. Видео
Рулду кармаган айдоочу. Архивдик сүрөт

Бишкекте кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө

217
(жаңыланган 23:50 07.07.2020)
Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жолтандабас кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган. Алдын ала маалымат боюнча, автоунааны кыз башкарып бараткан.

Ылдамдыгы жүрөк түшүрөт! Жалал-Абадда кафени күү менен келип сүзгөн жолтандабастын видеосу

"Кырсык катталган жерден автоунаа айдоочусу из жашырып кеткен. Буга байланыштуу милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына багыттама берилип, издөө бөлүмүнө айдоочуну табуу тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кайгуул кызматы из жашырып кеткен айдоочу жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

217
Белгилер:
кырсык, милиция, издөө, айдоочу, кафе, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте жөө адамды автоунаа коюп кетип, каза болуп калды
Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады

Кытай: автобус сууга кирип кетип, 21 окуучу каза тапты. Трагедиянын видеосу

0
(жаңыланган 09:04 08.07.2020)
Ичинде бир топ жүргүнчүсү бар автобус жол боюндагы бетон тосмолорду талкалап өтүп, сууга кирип кеткен.

Кытайдын түштүк-батыш тарабындагы Гуйчжоу провинциясында окуучулар түшкөн автобус суу сактагычка түшүп кеткен. Анын ичиндеги жүргүнчүлөрдөн 21 бала каза таап, 15и жабыркаган. Трагедия кечээ чак түштө болгон.

Кытайда жер оюлуп, эл ташыган автобус түшүп кетти. Жүрөк зыркыраткан видео

Камерага түшүп калган видеодон транспорт жолдон бурулуп келе жатып жээкти көздөй түз өтүп, жол боюндагы бетондорду талкалап, сууга киргенин көрүүгө болот. Учурда тартип коргоочулар кырсыктын себебин изилдеп жатат.

0
Белгилер:
суу сактагычы, окуучу, жол кырсык, Кытай
Тема боюнча
Эки киши өрттөнүп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын видеосу
Бишкектин чок ортосунда кичи автобус оодарылып кетти. Видео