Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСоветтик Союздун Баатыры, Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор И.В. Панфиловдун эстелиги Бишкектеги маданият жана эс алуу паркында. Архив
Советтик Союздун Баатыры, Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор И.В. Панфиловдун эстелиги Бишкектеги маданият жана эс алуу паркында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең өлкө аймагы боюнча күн ачык болот. Ысык-Көл акваториясында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-май. — Sputnik. 27-май, шаршемби күнү, республика боюнча күн ачык болот. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге дейре жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги  маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29…+34, Таласта +28…+33, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +30…+35, Ысык-Көлдө +24…+29 жана Нарын жергесинде +26…+31 градус ысык болору айтылды.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +32…+34 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +33…+35 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0