БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кечээ Нарын облустук төрөт бөлүмүндө обсервацияда жаткан 22 аял дарыгерлердин туура эмес маалыматы менен ал жактан чыгып, кайра жаткырылган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 25-майда, дарыгерлер обсервацияда жаткандарды эртерээк чыгарып жиберишкен. Тагыраагы, алардын экинчи анализинин жыйынтыгы чыга элек болчу.
"Бул кабар облустук штабга айтылары менен тезинен чара көрүлүп, чыгып кеткен адамдар кайрадан ооруканага жаткырылды. Кимден күнөө кеткени иликтенип, териштирилип жатат. Юридикалык баа берилет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы ЖМКларда "төрөт үйүндө коронавирус чыкканы үчүн аялдардын күйөөлөрү аларды чыр-чатак менен обсервациядан чыгарып кетишкен, төрөткананын эшик, терезесин талкалашкан" деген маалыматты төгүндөдү.
Эске сала кетсек, 14-майда Нарын шаарында жаңы төрөгөн сегиз аялдан коронавирус чыккан. Көп өтпөй облустун Ак-Талаа районуна коронавирусту Нарын шаарындагы төрөт үйүндө жатып чыккан эки келин алып келгени айтылган. Республикалык ыкчам штаб Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүндө вирусту жайылтпоо үчүн көзөмөлдү күчөтүүгө тапшырма берген.
Жалпы бейтаптардын 128и ооруканадан чыгып, 152си дарыланууда. Ат-Башы жана Жумгал районундагы бейтаптар толугу менен сакайып чыгышкан.
Ал эми обсервацияда 123, үй карантининде 381 адам бар. Ооругандар менен байланышта болгондордун саны 1590.
Вирус жуктуруп алган жаңы учурлар мурунку ооругандар менен байланышта болгон адамдардан чыгып жатканы айтылды. Ооругандардын ичинде медицина, милиция, мамлекеттик, муниципалдык жана тейлөө ишканаларынын кызматкерлери бар экендиги кошумчаланды.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.
"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбай, мыйзам бузууларды укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, учурда шаарда абал туруктуу. Коомдук транспорт катышкан кырсыктар сутка ичинде катталган эмес.
"Бишкектин милициясы калаа тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кечээ айрым маршруттук унаалардын айдоочулары жумушка чыккан жок. Бирок көпчүлүгү графиктин негизинде иштеп, элди ташыды", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция жарандарды бул окуяга байланышкан мыйзам бузуулар боюнча 102 номерине билдирүүгө чакырып, анонимдүүлүккө кепилдик болорун убада кылды.
Муниципалитеттен билдиргендей, кечээ эртең менен баш калаадагы 1 350 кичи автобустан болгону 400-500ү гана жумушка чыккан. Шаардык транспорт башкармалыгы күндүз маршруттук линиялардын 90 пайызы штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. Кечинде аялдамада транспорт күткөндөр көбөйгөн. Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев маршруткаларга байланышкан маселе турукташканын, маселе жол тыгындарында болушу мүмкүн экенин айткан.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.
Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.