Автоунааны кайсы жерге токтотсо эвакуатор алып кетпейт? Кеңеш

© пресс-служба мэрии города БишкекHейд по выявлению и уборке машин с тротуаров и газонов в Бишкеке
Hейд по выявлению и уборке машин с тротуаров и газонов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автокөлүктү туура эмес жерге токтотуп, эвакуатор алып кетип калбасын десеңиз Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалды окуңуз.

Патрулдук милициянын кызматкери Бишкектеги көзөмөл өткөрүү пунктунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп
Бишкекте автоунаа көп, жолдор кенен эмес, транспорт каражатын коюуга жер табуу кыйын. Көлүгүңдү каалаган жерге да токтотуп кете албайсың. Анткени 2018-жылдын башынан тарта Бишкекте автоунаасын туура эмес жерге токтоткон шаардыктардын транспортун эвакуатор алып кетип, айып короого киргизе баштаган.

"Жол кыймылынын эрежелери" рубрикасынын алкагында бул ирет калаада кайсы жерлерге автоунааны токтотууну жана аны эвакуатор айып короого жүктөп кетсе кантип алыш керектигин айтып беребиз.

Калаада темир тулпарды кандай жерге токтотсо болот?

  • Автоунааны жолдун оң жагына, четке токтотуш керек;
  • Калк жашаган аймакта эгер көчө бир тараптуу болсо, автоунааны сол жагына токтотсо болот (ал эми жүк ташуучу машиналар жолдун сол жагына жүк жүктөө же түшүрүү үчүн гана турушу керек);
  • Транспортту бир катарга катары менен токтотсо болот. Бирок тротуардын тушу болуп калса, ал жерге уруксат берилбейт;
  • Эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттары капталдарында чиркегич жок болсо, аларга эки катарга токтотууга уруксат;
  • Тротуардын чети менен транспорт өтүүчү жол чектешкен жерге жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпаса, жеңил автоунаалар, мотоцикл, мопед, велосипеддер токтой алат;
  • Калктуу эмес пункттарда жолдун жээгине узак убакытка, түнөөгө автоунааны калтырбаш керек. Ал үчүн атайын аянттар бар же болбосо жолдон алыс коюу керек.

Транспорт каражаттарын токтотууга тыюу салынган жерлер:

  • Темир жол өткөөлдөрүнө, тоннелдерге;
  • Эстакада, көпүрөлөр, жол өткөөлдөрүнүн үстүнө же астына (эгер үчтөн аз сызык болсо);
  • Узун туташ чийин менен токтогон транспорт каражатынын ортосундагы аралык 3 метрден аз болгон жерлерге;
  • Жөө адам өткөөлдөрүндө жана ага чейин 5 метр жакын жерге;
  • Жол 100 метрден аз көрүнгөн учурда, коркунучтуу бурулуштарга, кайрылыштарда;
  • Аялдамаларда, эгер ал жок болсо коомдук транспорт же таксинин белгисинен 15 метрден алыс токтош керек;
  • Транспорт каражаты светофордун сигналдарын, жол белгилерин башка айдоочуларга көрүнбөгөндөй кылып туруп албашы керек, жөө адамдардын кыймылына тоскоолдук кылган жерге да токтоого болбойт;
  • Жолдун автоунаа өтүүчү жерине ички иштер органдары жана атайын кызматтардын транспорттору гана тура алат.

Автоунаа токтоого болбой турган жерге аргасыз турууга туура келип калды. Эмне кылуу керек?

  • Токтоого тыюу салынган жерлерде аргасыздан токтогон учурда айдоочу транспорт каражатын бул жерден алып коюу үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш;
  • Транспорт каражатынын эшигинин ачылып турушу кыймылдын башка катышуучуларына тоскоолдук кылса, эшикти жабуу керек;
  • Эгерде айдоочу транспорт каражатынын өз алдынча жүрүп кетишин же айдоочу жокто пайдаланылышын четтеткен бардык чараларды көргөн болсо, ал ордун таштап же транспорт каражатын калтырып кете алат.

Жол кыймылына тоскоол болгон транспорт каражаттарды токтотуунун (коюунун) эрежесин бузганы үчүн мажбурлап эвакуациялоого (айдоочусу жок болсо), дөңгөлөк блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга жол берилет.

Эгер автоунааны айып короого алып кетсе эмне кылуу керек?

Кайгуул милициясынын нөөмөт бөлүмүнө дароо чалып, кайсы район, кайсы даректен алып кеткенин айтуу керек. Бишкекте кайгуул кызматынын номери — (0312) 53 01 81.

Автоунааны чыгарып кетүү үчүн канча каражат кетет?

Кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, туура эмес автоунаа токтотууга айып пул 1000 сом, эгер эвакуатор алып кетсе ага 1300 төлөп каласыз.

Бишкекте айып короолор кайсы даректе жайгашкан?

  • Чолпон-Ата көчөсү, 1а — 0 (312) 63 02 57;
  • Шабдан баатыр көчөсү, 2а — 0 (700) 17 59 62;
  • Кара-Дары — Горький көчөлөрү — 0 (773) 72 00 37;
  • Багижский кууш жолу, 78 — 0 (700) 53 38 66.

Бишкектеги муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлардын тизмеси:

"Ош" базарынын айланасы

  • Бейшеналиев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Кулиев көчөсүнүн Токтогулдан Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсүнүн Жаш  гвардия бульварынан "Ала-Арча" суусуна чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүнүн Жаш  гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Павлов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Орто-Сай" базары

  • Суеркулов көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Юнусалиев көчөсүнүн Суеркуловдон Безымянная көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымяннаядан Суеркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Эски толчок" базары

  • Орозбеков көчөсүнүн Фере көчөсүнөн Можайский кууш жолуна чейинки бөлүгү;

"Комфорт" базары

  • Ибраимов көчөсүнүн Москвадан Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Кулатов көчөсүнүн Ибраимовдон Матросов көчөсүнө чейинки бөлүгү (Май-сыр базасы);
  • Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Огомбаев көчөсүнүн Гоголдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Сары-Өзөн" базары

  • Клубный кууш жолу.

Автоунаа токтотуучу жай муниципалдык экенин кантип билсе болот?

Биринчиден, ал жерлерде "автоунаа токтотууга болот" деген белгилер болот. Мындан тышкары кызматкерлер атайын тигилген кызгылт сары түстөгү "Бишкектин автоунаа токтотуучу жайлары" деген жазуусу бар кийимчен болушат. Ошондой эле бейджик тагынып, акы төлөгөндүгү тууралуу талон беришет. Талондун баасы турган убактысына карабай 25 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0