КР менен Кытайдын ТИМ башчылары өткөрүү пункттарын ачууну талкуулашты

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальный визит министр иностранных дел КНР Вана И в Кыргызстан
Официальный визит министр иностранных дел КНР Вана И в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлер вирустун кесепеттерин жоюудан тышкары көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын ишин жандандыруу маселесин кеп кылышкан.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кечээ, 26-майда, Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Ван И телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маектин жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Министр Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө кыргыз тарапка дайыма гуманитардык жардам көрсөтүп жатканы үчүн Кытайга ыраазычылык билдирген.

"Мындан тышкары, министрлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечектерин, анын ичинде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын ишин жандандыруу маселелерин кеп кылышты. Ошондой эле кыргыз-кытай биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн КЭРден адистердин келүүсүн жана кыргыз экологиялык таза продукциясын Кытайга экспорттоону талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Тажикстан менен чек аралаш Максат айылындагы турак-жайлардын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткендеги чек аралаш айылдарга 314 млн. сом бөлүнгөн. Акча кайда жумшалды
Айдарбеков коронавирустук инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин эске алып, өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыз жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурган.

Кыргыз-кытай чек арасында эки гана өткөрүү пункту бар. Алар "Эркеч-Там" жана "Торугарт". Апрель айынын орто ченинде "Эркеч-Тамда" жүк ташуу иштери кайрадан жанданган болчу. Экинчиси азырынча ачыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0