"Исфана" аэропортунун учуп-конуу тилкеси оңдолуп жатат. Сүрөттөр

© Фото / Пресс-служба МТиД КР"Исфана" аэропортунун учуп-конуу тилкеси оңдолуп жатат
Исфана аэропортунун учуп-конуу тилкеси оңдолуп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, туура бир жыл мурда аталган аэропорот каттамдарды кабыл албай калганы айтылган. Аба майданды сертификациялоонун алкагында атайын комиссия тилкени текшерип чыккан соң бир нече дал келбестиктерди аныктаган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Исфана" аэропортунун учуп-конуу тилкеси толугу менен реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти.

© Фото / Пресс-служба МТиД КРВ аэропорту Исфаны производится ремонт взлетно-посадочной полосы
Исфана аэропортунун учуп-конуу тилкеси толугу менен реконструкцияланып жатат - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Исфана" аэропортунун учуп-конуу тилкеси толугу менен реконструкцияланып жатат
© Фото / Пресс-служба МТиД КРВ аэропорту Исфаны производится ремонт взлетно-посадочной полосы
Бут тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бут тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти
1/2
"Исфана" аэропортунун учуп-конуу тилкеси толугу менен реконструкцияланып жатат
2/2
Бут тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен билдиришти
"Кыргыз өкмөтүнүн 2016-2020-жылдары жарандык авиация тармагын өнүктүрүү, өлкө президентинин региондорду өнүктүрүү программаларынын алкагында "Исфана" аэропортунда оңдоо иштери жүрүүдө. Негизги максат — аймактагы аэропортторду жакшыртуу, ички каттамдарды көбөйтүү жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, аэропорттун имаратын оңдоо жана кеңейтүү иштери былтыр бүткөн. Ага "Эл аралык "Манас" аэропорту" ААКсынын каражаты сарпталган.

Эске салсак, туура бир жыл мурда аталган аэропорот каттамдарды кабыл албай калганы айтылган. Майданды сертификациялоонун алкагында атайын комиссия тилкени текшерип чыккан соң бир нече дал келбестиктерди аныктаган.

Айта кетсек, өлкө аймагында 11 аэропорт бар. Анын ичинен бешөө эл аралык, алтоо ички каттамдар боюнча иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0