Ысык-Көл: Россиядан келип үй карантинде отурбай койгондор обсервацияга алынды

Жазылуу
Соль-Илецкиден келген 26 жаштагы жаран 19-майда үй карантинине алынган. 22-24-майда ал шартты бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунда үй карантин режимин бузган үч киши кайра обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үчөө тең Россиядан келишкен.

"Соль-Илецкиден келген 26 жаштагы жаран 19-майда үй карантинине алынган. 22-24-майда ал шартты бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган. Москвадан келген 27 жаштагы адам үй карантинге 22-майда алынган. Бирок эки күн өтпөй, 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып кеткен. Үчүнчүсү Санкт-Петербургдан келген 25 жаштагы жаран, 18-майда үй карантинге алынган. Режимди сактабай 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген", — деп айтылат маалыматта.

Үчөө тең обсервацияга кайрадан жаткырылганы маалым болду.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1520га жетти. Андан 1043 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

Обсервация прибывших из Соль-Илецка в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Кооптонуу бар! Соль-Илецкиден Таласка баргандар дагы бир жума обсервацияда болот
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0