Улуттук банктын бир кызматкеринен COVID чыгып, 40тай киши үй карантинге кетти

© Sputnik / Эмиль СадыровЧүй проспектеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын имараты. Архив
Чүй проспектеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын кызматкеринен коронавирус 22-майда аныкталган. Азыр анын ооруканада дарыланып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Улуттук банктын бир кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, коронавирус банк кызматкеринен 22-майда табылган.

"Учурда ал стационарда дарыланууда. Абалы жакшы, оору жеңил формада өтүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирус жуктурган кызматкер менен байланышта болгон 40тай адамдын үй карантинине жиберилгени айтылды.

"Алардын жашаган жеринен санитардык-эпидемиологиялык станциянын адистери анализ алган. Оору жуктуруп алган кызматкер иштеген имарат дезинфекцияланган. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан банк кызматкерлеринин ичинен инфекцияга чалдыккандар жок. Улуттук банк штаттык режимде иш алып барып, акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантууда", — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1520га жетти. Андан 1043 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

Цифровизированный командный центр ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл: Россиядан келип үй карантинде отурбай койгондор обсервацияга алынды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0