Министр: ыплас сайттарга бөгөт коюу боюнча УКМК иш алып барууда

© REUTERS / Kacper Pempel / IllustrationКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр интернет-сайттар боюнча УКМК менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети иштээрин, бул багытта көптөгөн аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Депутат Марлен Маматалиев парламентте маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго туура эмес материалдар камтылган сайттардын ишине Кыргызстанда бөгөт коюу сунушун берди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады.

"Азамат Капарович, азыр телеканалдарды көп киши көрбөй калды. Маалыматтын баарын интернет аркылуу алабыз. Азыр жакшы эмес сайттар дагы элге жеткиликтүү болуп турат. Аларга Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети эмнеге бөгөт койбойт", — деп суроо салды депутат.

Министр интернет сайттар боюнча УКМК менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети иштээрин, бул багытта аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

Аял конференцияга катышып отурат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Шадиевдин жубайы кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга шектелүүдө
"Көптөгөн сайттарга бөгөт коюлду. Бирок башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде аларга кирүү мүмкүнчүлүктөрү чоң. Ал эми теледе көрсөтүлүп жаткан тасмадагы айрым сценаларды телеканал өзү жабышы керек. Же ар бир берүүнүн алдына канча жаштан жогору адамдар көрсө болорун көрсөтүшү зарыл", — деди Жаманкулов.

Мындан соң депутат маселени талкууланып жаткан мыйзам долбооруна киргизип коюуну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0