Ысык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев

Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен

635
(жаңыланган 15:06 02.06.2020)
Кыргызстан сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкандыктан майда жана ири жер титирөөлөр болуп турат. Аны алдын алууга маани берүү керектигин адистер дайыма айтып келүүдө.

Тилекке каршы, азыркы күндө өкмөт тарабынан сейсмологияга олуттуу көңүл бурулбаганы байкалууда. Ушул көйгөй тууралуу колумнист Алмаз Батилов Ысык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев менен маектешкен.

— Cейсмология адистигин кандайча тандап калдыңыз?

— 1975-жылы Пржевальск педагогикалык институтунун физика факультетинде мугалим болчумун. Сейсмология адистигин тандап калганыма физика-математика илимдеринин кандидаты Турдубек Көчөрбаев түрткү болду. Ал Томскинин политехникалык институтунан илимий ишин коргоп келген. Жетекчиси физика-математика илимдеринин доктору Александр Воробьев сейсмология боюнча көрүнүктүү окумуштуу болчу. Александр Акимович Пржевальск пединститутунда Турдубек агай аркылуу конкурс өткөрүп үчөөбүздү тандап алды. 1979-жылы февралда Томск политехникалык институтуна бардык. Александр Акимович бизди илимий кызматкер кылып алды.

Руководитель Иссык-Кульского геофизического полигона Кенешбек Жумабаев
© Фото / предоставлено Кенешбеком Жумабаевым
Ысык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев

— Жетекчиңиздин негизги багыты эмнеси менен айырмаланчу эле?

— Воробьев "жер кыртышы электромагниттик толкундарды чыгарат, демек, силкинүү алдында электромагниттик толкундар жогорулайт, ошонун натыйжасында жер титирей турганын алдын ала айтууга болот" деген божомолду айткан. Ал Томск политехникалык институтунун алдындагы заводдо ошол багыттагы аппаратура жасатат. 1977-жылы Турдубек агай Томскиден Воробьевдун долбоору боюнча жасалган бир аппаратты алдырып, Пржевальск пединститутунун имаратына орнотуп, иштете баштады.

— 1978-жылы ушул аппараттын негизинде Түп-Жаналаш жер титирөөсүн так айткан турбайсыңарбы?

— Ооба. 1978-жылы 24-мартта Түп районунун жана Казакстандын Кеген чөлкөмүндөгү Жаналаш айылында жер титирөө болгон. Ушул жер титирөөнүн алдында Томскиден алып келген аппарат чоң өзгөрүүлөрдү көрсөттү. Ошол түнү саат үчтөн беш мүнөт өткөндө Түп районунда катуу жер титиреп, толук кыйрады. Кийин дагы бир нече жер титирөөнү алдын ала айттык.

— Андан кийинки иштер кандай нукта өнүктү?

— Алгач Томск политехникалык институтунда Александр Акимович жасаткан аппарат менен илимий методикаларды үйрөндүк. 1980-жылы Пржевальск шаарына төрт аппаратты алып келип, Ысык-Көл өрөөнүнүн тегерегине орноттук. Биз Томск политехникалык институтунун Кыргызстандагы илимий лабораториясы катары иштей баштадык. Мунун баарын сибирдик институт каржылады. Лабораториянын жетекчилигине Томскиден ушул багытта ишин коргогон Алымбай Токтосапиев дайындалды. Лабораториянын негизинде республикада эл анча байкабаган бир нече жер титирөөлөрдү алдын ала айттык. Аппаратура менен илимий методиканы иштеп чыктык. 1981-жылы Воробьев каза болгондон кийин командабыз чачырады. Анын үстүнө Токтосапиев Кыргыз ССРинин Академиясына илимий кызматкер болуп кетет. Ошон үчүн Томскинин политехникалык институтунан мага кайрадан илимий тайпа түзгүн деп тапшырма берилди. Кыска убакыттын ичинде жаңы команда түздүм. 1981-жылы лабораториянын жетекчилигине дайындалдым.

Руководитель Иссык-Кульского полигона геофизики Кенешбек Жумабаев (справа в нижнем ряду)
© Фото / из личного архива Кенешбека Жумабаева
“Сейсмология боюнча бир адисти даярдоого 10-15 жыл кетет. Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугу үчүн мындай адистерди даярдоо зарыл”, — дейт Жумабаев. Ал өзү да бир нече шакирттерди тарбиялап чыгарган

— 1988-жылы декабрда Арменияда болгон жер титирөөнү изилдегени барган турбайсыңарбы. Ал жерден кандай жыйынтык чыгардыңар?

— Армениянын Ленинакан (азыркы Гюмри), Кировакан, Спитак шаарларында 11 баллга жеткен жер титирөө болгон. Зилзаладан жабыркагандар Ереван шаарындагы Сейсмология институтун курчап, нааразы болуп чоң митинг өткөрүшөт. Себеби бул жер титирөөнүн алдында табият белги бергенин жергиликтүү эл байкаган экен. Буга чейин кээ бир үйлөрдүн фундаменти жер бетинен жогору көтөрүлгөнүн, айрым кудуктарда суунун соолуганын, жаныбарлардын жүрүм-туруму өзгөргөнүн көрүп еревандык кесиптештерибизге айтышат. Бирок армениялык окумуштуулар көңүл бурбай коюшат. Бир аз убакыттан кийин жер катуу титирейт. Далай адам өлдү, армян эли эбегейсиз зыян тартты. Жергиликтүү калктын да үрөйү учуп калган. Мындан улам СССРдин жетекчиси Михаил Горбачев Союздагы сейсмология боюнча илимпоздорду Арменияга топтоп, дагы ушундай алаамат болор-болбосун тактагыла деген талап коёт. Алардын катарына биз да кошулдук. Тайпабыз он окумуштуудан куралган эле. 1988-жылы 20-декабрда Томскиден Арменияга бардык. Жогоруда айтылган үч калаа согуштагыдай талкаланганын көрүп, жакабызды кармадык. Спитак шаарына келгенден кийин чатырларга жайгашып, аппараттарды орнотуп, ишке кириштик. Күн сайын жетекчиликке маалымат берип турдук. Мурункудай катуу жер титирөө болбой турганын, майда-барат гана силкинүүлөр болорун боолголодук. 1988-жылы 20-декабрдан баштап 1989-жылдын февраль айынын аягына чейин бардык божомолдорубуз туура чыкты.

Документ руководителя Иссык-Кульского полигона геофизики Кенешбека Жумабаева
© Фото / из личного архива Кенешбека Жумабаева
СССРдин Эл чарба жетишкендигинин башкы комитети тарабынан Кеңешбек Жумабаевге берилген күбөлүк

— 1992-жылы жайында силердин лабораторияңар Кыргызстанда жер титирөө болорун алдын ала билген турбайбы?

— Ооба. Өлкө жетекчилигине жана жергиликтүү бийликке маалымат берип турчубуз. Кыргызстанда биринчилерден болуп 1989-жылы жарым жылга чукул "Заря Ала-Тоо" гезитине Көл кылаасы боюнча сейсмикалык божомолду орус жана кыргыз тилинде жарыялап турдук. 1992-жылы 18-июнда жер титирей турганын билип, маалыматты өлкө жетекчилигине жашыруун гриф менен жөнөттүк. Мамлекеттин жетекчилиги биздин маалыматты тастыкташ үчүн Сейсмология институтуна жиберет. Алар үч күн текшерип, жыйынтыгында институттун кызматкерлери "мындай жер титирөөнү эч ким алдын ала айта албайт, биздин институттагы аппаратура андай өзгөрүүнү көрсөткөн жок" деп жооп беришет. Мындан соң жетекчилик маалымат берген топтун башчысы илимий көз карашын далилдеп бере албаса, анда топтун ишмердүүлүгүн токтотууга документ даярдагыла деген тапшырма берет. 22-июнда мени Бишкекке чакыртышты. Борборго чейин самолет менен келип, шаар ичинде эл дүрбөлөңгө түшүп жатканын көрдүм. Эртең менен жер титирептир. Сейсмология институтуна барып, кайсы факторлордун негизинде алдын ала божомол жасаганыбыз тууралуу айтып берсем, унчуга алышкан жок. Ошентип илимий тайпабыз сакталып калды.

1992-жылы 29-майда Алматыдагы кесиптештерибиз Ысык-Көл облустук администрациясына 30-майда Көл кылаасында катуу жер титирөө болот деген маалымат жиберет. Жергиликтүү бийлик биздин топтон ушул маалыматты тастыктап бергиле деп суранды. Биз аларга аппараттарыбыз мындай өзгөрүүнү көрсөткөн жок, демек, коркунуч жок дедик. Облустук администрация жергиликтүү телевидениеден чыгып, элди тынчтандыргыла деп өтүндү. Биз 1,5 саат бою кеңири маалымат бердик. Андан кийин системалуу түрдө Ысык-Көл облустук телевидение менен радиодон Көл кылаасы боюнча сейсмикалык абал жөнүндө калкты кабардар кылып турдук.

— Демек, жер титирей турганын алдын ала айтып, ошого жараша аракеттерди көрүүгө болот турбайбы?

— Ооба, болот. Бирок азыр биздин буга чама-чаркыбыз чектелүү болуп турат. Бизди 1992-жылдын июнь айына чейин Томск политехникалык институту каржылады. Союз урагандан кийин бул жогорку окуу жайдын жетекчилиги Томскиде калып, ишибизди улантууну сунушташты. Биз баш тарттык. Ошентсе да Томск биз менен илимий байланышын үзгөн жок. 1992-жылы Караколдо "Ысык-Көл геофизикалык полигону" атындагы мамлекеттик кичи ишканасын түздүм. 2002-жылы Москвадан автордук патент алдык. 2008-жылы Томск политехникалык университети мени чакырып, жол киремди төлөп бир ай стажировкадан өткөрүп, дагы үч аппаратты бекер берди. Аларды алып келип, лабораторияга орноттук. Анын негизинде Ысык-Көл аймагындагы геодинамикалык процесстер боюнча илимий иштерди жасадык. 2009-жылга чейин Өзгөчө кырдаал министрлиги жана башка мамлекеттик структуралар өп-чап каржылап турду. Тилекке каршы, 2009-жылдан баштап мамлекет тарабынан каржылоо токтоду. Ошол эле жылы Курманбек Бакиевге да кайрылганбыз. Биринчиден, мурдагы аппаратураны жаңыртыш үчүн Томскиден кайрадан сатып алыш керек. Экинчиден, бул жогорку окуу жай менен илимий долбоорду жандандыруу зарыл. Үчүнчүдөн, жаңы 25 аппаратты Кыргызстандын сейсмологиялык абалы кооптуу аймактарына коюп, геодинамикалык процесстерди иликтөөгө болот. Мунун бардыгына баш-аягы 10 миллион сом бөлүп берүүнү сураганбыз. Азыркы күндө деле жаңыртууга ушул сумманы сарптап аппаратураны алса болот, бирок тилегебиз таш капты. Ошондон бери кайрылбаган жерибиз калган жок. Азыркы учурда илимий тайпабызда 12 адис бар. Алды 70ке таяп калды. Эң жашы 50дөн өттү. Кээ бирлери Караколдун жогорку окуу жайларында иштеп жатышат, айрымдары мектепте сабак берип жүрүшөт. Биз топтогон тажрыйбага мамлекет көңүл бурбагандыгы катуу кейитет. Эң башкысы — биздин илимий жолду улап кете турган окуучуларыбыз жок.

Руководитель Иссык-Кульского полигона геофизики Кенешбек Жумабаев (справа)
© Фото / из личного архива Кенешбека Жумабаева
Кеңешбек Жумабаев: биз топтогон тажрыйбага мамлекет көңүл бурбагандыгы катуу кейитет.

— Бир сейсмологду даярдаш үчүн канча убакыт керек?

— Бул багыт боюнча бир адисти даярдоого 10-15 жыл кетет. Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугу үчүн мындай адистерди даярдоо зарыл. Ошондуктан кайрадан Томск политехникалык университети менен илимий байланыш түзүп, аппаратураны иштетүү жана методиканы үйрөтүүгө жаш адистерди жибериш керек. Антпесек жакынкы келечекте чет мамлекеттен адистерди чакырып, аларга ири көлөмдөгү айлык төлөөгө аргасыз болобуз.

635
Белгилер:
Армения, окуу жай, Ысык-Көл облусу, Томск, ишкана, сейсмология, жер титирөө
Тема боюнча
Ошто жер көчүшү мүмкүн деген аймакта жашагандар көчүрүлүүдө
Табигый кырсыктан үйү жабыркаган канча киши акча алды. Камсыздандыруунун төрт жылы
Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенко менен. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

24
(жаңыланган 18:02 10.08.2020)
Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми беларус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков беларустук кесиптеши Александр Лукашенкону кайрадан өлкө башчы болуп келиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин мол тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары дагы элдин турмушун жакшыртып, мамлекеттин экономикалык жана саясий өсүп-өнүгүшүнө алып келет деп ишенем. Достукка жана ишенимге негизделген кыргыз-беларус мамилелери мындан ары дагы бекемделерине көзүм жетет", — деди Жээнбеков.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Жээнбеков Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми беларус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эске салсак, кечээ Беларуста мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды

24
Белгилер:
куттуктоо, жеңиш, шайлоо, Александр Лукашенко, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

207
(жаңыланган 17:14 10.08.2020)
Кадрдан Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагыларга таякча менен бир макетти түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Сүрөт президенттин сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат. Долбоорду "Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Өз кезегинде Лукашенко долбоорго жогорку баасын берген.

Курманбек Бакиевдин тушундагы соңку премьер-министр болгон Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин кызматынан кол жууган. 3,5 ай премьерликти аркалап, апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

207
Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, Александр Лукашенко, Данияр Үсөнов, Белоруссия
Тема боюнча
Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
АКШнын президенти Дональд Трамп Рамштайн аскер базасында. Архив

Дүйнө элинин кызыкчылыгы үчүн. АКШ аскерлеринин Германиядан чыгарылышына сереп

0
(жаңыланган 17:58 10.08.2020)
Германиядан 12 миңге чукул аскер адамы чыгарылат. Анын басымдуу бөлүгү — 6,4 миңи үйүнө кайтса, калганы Европа өлкөлөрүнө бөлүштүрүлөт. Ал эми Москванын жанына, башкача айтканда, Польшага болгону миң жоокер жөнөтүлмөй болду.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер Германиядан аскерлерди чыгаруу Россияны тизгиндөө стратегиясынын алкагында ишке аша турганын жар салды.

Пентагон жетекчисинин азыркы абалы губернатордукунан да чабал сыяктуу, айткан сөзүнүн жападан жалгыз аргументи бар. Мындайынан алганда АКШ чынында эле "аскерин чыгышка, россиялык чек арага жакыныраак жылдырууда". Бирок тыкыр карай келгенде бул тезис америкалыктар үчүн жагымсыз көрүнүштү ашкерелөөдө дейт россиялык журналист Ирина Алкснис.

Германиядан 12 миңге чукул аскер адамы чыгарылат. Анын басымдуу бөлүгү — 6,4 миңи үйүнө кайтса, калганы Европа өлкөлөрүнө бөлүштүрүлөт. Ал эми Москванын жанына, башкача айтканда, Польшага болгону миң жоокер жөнөтүлмөй болду.

Мындай жагдай Эспердин сөзүнөн күмөн жаратпай койбойт. Башкача болушу да мүмкүн эмес, анткени АКШнын Германиядагы контингентинин айланасындагы карама-каршылыктын НАТО менен Россиянын мамилесине дээрлик тиешеси жок.

Тараза ташында адамзат өмүрү. COVID-19га каршы вакцина чыгаруу жарышына чыккандар

Washington Post 2018-жылдын июнунда эле Пентагондун аскерлерди Европага жайгаштыруунун баасы жана кесепети тууралуу жасап жаткан анализин баяндаган. Гезиттин айтымында, аталган демилгеге Трамп ошол жылы эле кызыкдарлыгын билдирген. АКШ президенти НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн блокту каржылоого акча бөлүүдөн баш тартуусуна нааразы болгон. Биринчи кезекте бул көп жылдан бери аскерий чыгымын ИДПнын эки пайызына чейин көтөрүүдөн баш тартып келген Берлинге тийиштүү болчу.

Аталган маселе бир жыл мурун кайра көтөрүлдү. АКШнын Германиядагы элчиси Ричард Гренелл Кошмо Штаттар  аскерий контингентин ГФРден Польшага чыгарып кетүүгө даяр экенин жар салган. Ал “немецтер өзүнүн профицитин ички максаттарына колдонуп жаткан учурда америкалык салык төлөөчү Германиядагы 50 миңдей жоокерди каржылоону уланта берерин күтүү кордуктун жеткен чеги” экенин белгилеген.

Мындай билдирүүгө Польшанын реакциясы укмуштуудай болду. Былтыр жыл бою польшалык саясатчылар менен ЖМКлар алардын өлкөсү ГФРдин ордуна америкалык аскерлердин Европада жайгашкан негизги жери болуп каларын саймедирешкен. Керек болсо өзөктүк курал жайгаштыруу талкуулана баштаган. Албетте, мындай сөздөр да тегин жерден чыкпай турганын белгилей кетүү керек.

АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат

Ар кандай саясий билдирүүлөрдөн арылып, фактынын өзүн карай турган болсок, болуп жаткан окуянын маңызы жөпжөнөкөй экенин көрүүгө болот.

АКШ көп жылдан бери дүйнөнүн ири экономикасынын бири болгон Германияны аскерий чыгымын көбөйтүүгө мажбурлап келет. Эгер республика буга макул болсо, каражаттын басымдуу бөлүгү океандын ары жагына агылмак. Америкалыктар немецтерди опузалап да, коркутуп да көрүштү, керек болсо кысмакка да алган учурлары болду. Бирок мындай аракеттен эч майнап чыккан жок: Германия баш ийип, оюнан кайтпай койду.

Окуянын өнүгүшүн карай келсек, мунун баары Трампты тажатып жибергендей. Эми коргоо министри менен бир катар расмий кызматтагы адамдар аскерлерди Германиядан чыгаруунун “адеми” жолун камсыздоо боюнча операция жүргүзүп жатышат. Бул өңүттөн алып караганда АКШ таптакыр эле утулуп калгандай көрүнбөй калат эмеспи.

Бирок иш жүзүндө ою оңунан чыкпай АКШнын азыр ызаланып турган учуру.

Немецтерден каалаганын ала алган жок. Экономикасына кошумча акча тартылбады. Европадагы аскерий контингенттин саны кыскарууда. Анын үстүнө бул Россиянын таасири жана кубаты күн сайын өсүп жаткан маалга туш келди. Аскерлерди чыгаруу Германияны жазалоо катары деле кабылданган жок. Ооба, өлкө жумуш орундарынан, аскердик инфраструктураны тейлөөдөн тапкан каражаттан кол жууду. Бирок бул жоготуу эгер Германия Вашингтондун сунушуна макул болсо тушукчу чыгымынан алда канча аз. Салыштырып да болбойт.

Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат

Кыскасы, Польшага жайгашчу кошумча миң аскер АКШнын абийирин жаап, Россияны тизгиндөө аракети тууралуу сөз кылууга мүмкүндүк берет.

Негизи Трамп эмне себептен аскерин чыгаруу чечимин кабыл алды деген кадыресе суроо туулат. Себебин президенттин өзүнөн, улуттук лидер катары койгон максаттарынан издөөгө болчудай.

Өзгөчө ажо экенине карабай Дональд Трамп чынында АКШда жылдап топтолуп калган системалуу көйгөйлөрдү чечүүгө умтулуп келет. Мында ал кескин кадамдарга да баруудан кайра тартпайт. Анын үстүнө АКШ дүйнөлүк держава реномеси менен экономикалык кызыкчылыгы каршы келген капканга түшүп калды.

Арийне, Трамптын нааразычылыгы деле орундуу: Америка Европа үчүн коргонуу функциясынын жоопкерчилигин артынып алганы аз келгенсип, бул үчүн төлөп да келет. Анткени Европанын ири жана бай экономикаларынын баары кебелбестен АКШнын мойнуна отуруп алышкан.

Бекер убара болуп... АКШ "Россиянын ийгиликтүү пропагандасынын сырын" ачты

Бул жерде аталган өлкөлөрдүн баары Россия тараптан кандайдыр бир кооптуулук бар экенине ишенишпейт. Эгер АКШ Москва менен аскерий-саясий оюнун уланта турган болсо, Европа кичүү болуп колдоп-коштоп койгонго даяр. Бирок Вашингтон амбициясы үчүн өзү төлөшү керек болот.

АКШнын глобалдуу ири держава деген макамы америка элитасынын басымдуу бөлүгү үчүн чоң мааниге ээ болгондуктан акча салуу жакшы жайылган. Айрым учурда ишке ашпай турган долбоор экенин билип туруп деле каражат жумшагандар бар.

Бирок Дональд Трамптын позициясы мындан обочо. Ал бир нече ирет дүйнө лидерлиги АКШга жана анын экономикасына киреше алып келиши керектигин айткан. Эгер мындай болбой турган болсо, анда ири держава деген макам пайдасыз жана акылга сыйбаган кымбат нерсе. Ал эми ага жумшалган ресурсту маанилүү тармакка жумшоо зарыл.

Германиядан аскерлерди чыгаруу чечими Трамптын айткан сөзү менен иши дал келе турганын көрсөттү.

Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?

Берлинден керектүү нерсени ала албай турганын түшүнгөн соң ал окуяга бизнесмен катары көз жүгүртүп, чыгымды кыскартуу процессин баштады. Аскерлерди жайгаштыруунун өзү көп акчаны талап кылган аракет, бирок бул алардын ГФРда турганы үчүн төлөнгөн каражатка салыштырмалуу кыйла эле пайдалуу. Мындан улам Трамптын чечими экономикалык көз караштан туура жана АКШнын улуттук кызыкчылыгына дал келген аракет деп ишенимдүү айтууга болот.

Албетте, бул кадам Кошмо Штаттардын алсыздыгын, мойнуна артылган финансылык жүктү сүйрөөгө жөндөмсүздүгүн ашкерелеп, глобалдуу гегемониясын кыйратууну уланта бермекчи. Ал эми мындай көрүнүш жалпы дүйнөнүн кызыкчылыгын көздөөрү анык.

0
Белгилер:
Дональд Трамп, Аскер, Европа, Россия, Германия, АКШ