Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы Спартак стадиону. Архив

"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду

74
(жаңыланган 18:05 27.05.2020)
Кызматкерлердин жана стадионго келүүчүлөрдүн дене табы текшерилип турат. Келгендер коронавирустан сак болуш үчүн 1,5 метр аралыкты сакташы керек.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бүгүндөн баштап Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы "Спартак" стадиону машыгуу үчүн ачылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, азырынча машыгууну стадиондун чуркоочу жолунда гана өткөрүүгө уруксат берилди.

"Машыкчу адамдар коронавирустан сак болуш үчүн 1,5 метр аралыкты сакташы керек. Кызматкерлердин жана стадионго келүүчүлөрдүн дене табы текшерилип турат", — деп айтылат маалыматта.

Бардык каалоочулар күнүгө эртең менен саат 6:00дөн 9:00гө чейин, кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин стадиондо машыга алышат. Кирүү акысыз. Машыкчулар стадионго спорттук бут кийим менен гана киргизилет.

74
Белгилер:
коронавирус, машыгуу, стадион, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1857)
Тема боюнча
Булчуңдуу, келишимдүү бишкектик атлет үйдөн машыгууну көрсөттү. Видео
Караколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат

Караколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат. Дарыгердин түшүндүрмөсү

53
(жаңыланган 19:55 12.07.2020)
Эски үйгө окшош имаратта 1967-жылы чыгарылган рентген-томография иштетилет. Бул облус боюнча жападан жалгыз аппарат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Каракол шаардык кургак учук диспансеринин директору Жаңыл Акунова эмне себептен рентген-аппарат авариялык абалдагы имаратта жайгашканын айтып берди. Анын билдирүүсүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы жарыялады. 

Аварийное здание, где находится единственный рентген-аппарат в Караколе Иссык-Кульской области.
© Фото / Жаныбек Кожоев
Караколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат

Буга чейин социалдык тармактарда дубалдары көчкөн эски үйгө окшогон имаратта рентген тартып жатканы туурасында жазышкан.

Ысык-Атанын ооруканасында эртеден бери дарыгерлер жокпу? Министрликтин жообу

Акунова ал аппарат кургак учук менен ооруган бейтаптарга гана колдонула турганын жана жабдыктын иштөө убактысы чектелүү экенин билдирди.

“Бул 1967-жылы чыгарылган эски рентген-томограф, муну эчак эле колдонуудан чыгарыш керек болчу. Бирок облус боюнча бир эле ушул аппарат болгондуктан иштетүүгө туура келет. Учурда томографияга гана тартып жатабыз, рентген иштебей калды. Биз кургак учук менен ооруган бейтаптарды гана тейлейбиз. Бул аппаратты эч качан ордунан жылдырбаш керек, болбосо таптакыр эле  жарактан чыгып калат”, — деди дарыгер.

Ошондой эле ал каражаттын жоктугунан имарат оңдолбой турганын кошумчалады.

53
Белгилер:
оңдоо, дарыгер, имарат, рентген, Каракол
Тема боюнча
Көлдөгү кургак учукту дарылаган борбор COVID жуктургандарга берилеби? Расмий жооп
Ысык-Атанын ооруканасында жарык өчүп, аппараттагы бейтап көз жумду
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобус

Кечээ Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобустун айдоочусу табылды

132
(жаңыланган 19:27 12.07.2020)
Кечээ, 11-июлда, каналда калкып турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын видеосу жарыяланган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Милиционерлер Кара жыгач токоюнда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобустун айдоочусун тапты. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 11-июлда, каналда калкып турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын видеосу жарыяланып, анын айдоочусу изделип жатканы айтылган

Талкаланыптыр! Бишкекте жеңил унаа тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео

Бүгүн автоунаа жана анын айдоочусу дагы табылды. Ал жол кырсыгынан эмес, кокустан сууга түшүп кеткени белгилүү болду.

"Кичи автобус Чоң Чүй каналынын чекесине токтотулган. Бирок анын кол менен тартылчу тормозу иштебей калып, машина каналга түшүп кеткен. Жабыркагандар жок", — деп билдирди Кайгуул милициясы.

Милиционерлер айдоочуга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

132
Белгилер:
айдоочу, Чоң Чүй каналы, Бишкек
Тема боюнча
Тез жардам унаасы Бишкектин чок ортосунда кырсыктан ала салды. Видео