Баткендин Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургунуна үй салып беришти

Кадамжайда жаштар майып классташына үй салып, ичин кошо жасап беришти. Сүрөт

Жаңы конуштуу болгон Жусуповдун жана энесинин көзү көрбөйт. Классташтары курулуш материалдары үчүң 350 миң сом сарптаган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын 1990-жылкы тургундары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй салып, ичин да бүтүрүп беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

  • Жители села Кызыл-Булак Кадамжайского района Баткенской области построили дом для одноклассника с ограниченными возможностями.
    Баткендин Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын 1990-жылкы тургундары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй салып, ичин да бүтүрүп беришти
    © Фото / Пресс-служба правительства КР в Баткенской области
  • Жители села Кызыл-Булак Кадамжайского района Баткенской области построили дом для одноклассника с ограниченными возможностями.
    Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / Пресс-служба правительства КР в Баткенской области
  • Жители села Кызыл-Булак Кадамжайского района Баткенской области построили дом для одноклассника с ограниченными возможностями.
    Жаңы конуштуу болгон Жусуповдун үй-бүлөсү чоң, жети киши жашайт. Өзүнүн жана энесинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген — азиз
    © Фото / Пресс-служба правительства КР в Баткенской области
1 / 3
© Фото / Пресс-служба правительства КР в Баткенской области
Баткендин Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын 1990-жылкы тургундары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй салып, ичин да бүтүрүп беришти

Жаңы конуштуу болгон Жусуповдун үй-бүлөсү чоң, жети киши жашайт. Өзүнүн жана энесинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген — азиз.

"Жусуповдун классташтары үй салуу демилгесин көтөрүп, ашар жолу менен бүтүрүп беришти. Жаштар курулуш материалдары үчүн жалпы 350 миң сом каражат сарпташты. Ошондой эле үйдүн ичин дагы жасап беришти", — деп айтылат маалыматта.

Демилгелүү жаштарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы мындай жакшы демилгеси үчүн ыраазычылык каттарын тапшырган.

Белгилер:
майып, демилге, үй, Кадамжай, Баткен
Тема боюнча
Муктаждарга төрт түлүк. Ат-Башыда акциянын арты менен 11 бүлө малдуу болду
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:16 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Бишкектеги Курманжан Датка эстелиги. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр