1-июндан тарта Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдар иштей баштайт

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОфис. Архив
Офис. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иштеген жерине чейин коомдук автоунаа менен жетүү мүмкүнчүлүгү жок кызматкерлер аралыктан иштөөнү уланта берсе болот.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik.  1-июндан тарта бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райадминистрациялардын кызматкерлеринин ишин камсыз кылуу керек. Мындай тапшырмага өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Самат Кылжыев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Чечим өлкөдө өзгөчө абал режими токтотулгандыгына, экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнүн жандануусуна байланыштуу, социалдык-экономикалык абалды турукташтырууга багытталган кризиске каршы кабыл алынган чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынды", —  деп айтылат маалыматта.

Бишкекте коомдук транспорт күтүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автобус, троллейбус жана маршруткалар үчүн эрежелер иштелип чыкты
Ал эми иштеген жерине чейин коомдук автоунаа менен жетүү мүмкүнчүлүгү жок кызматкерлер аралыктан иштөөнү уланта алары да кабарланды.

Муну менен катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине кызматкерлердин иш учурунда күнүмдүк иште санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бекем сакталышын камсыз кылууга талап коюлду.

Ошондой эле кызматкерлердин саламаттыгын сактоо жана иш режимин белгилөө боюнча чараларды кабыл алуу зарылдыгы да айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0