Соода борборуна кирип бараткан адамдардын температурасын текшерип жаткан күзөт кызматкери - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус мизин кайтаргысы жок. Өлкөдөгү абал тууралуу сүрөт, видео баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны азайбай келет. Ал эми каза тапкандардын саны 16га жетти. Өлкөнүн ар кайсы жеринде жарыяланган өзгөчө абал режими жоюлганы менен өзгөчө кырдаал дагы деле уланууда.

Карантиндик чектөөлөргө карабай, калк арасында маска тагуу режимин, аралыкты кармангандар өтө аз. Андыктан Республикалык ыкчам штаб элден медиктердин вирустун жайылышын алдын алуу үчүн сунуштаган кеңештерин карманууга чакырып келет.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:06 28.05.2020

 

  • Республика боюнча 350 874 погондук метр автоунаа жол жана 93 492 м2 аянт имарат дезинфекцияланды;
  •  Обсервацияга жайгаштырылган жарандарга күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат);
  •   Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок-постторго ӨКМ тарабынан 120 чатыр жана 52 даана бир бөлмөлүү, 7 даана эки бөлмөлүү мобилдик турак үй орноштурулду;
  •  112 кызматына өткөн суткада жалпы 6000 чалуу келди, анын ичинен коронавирус боюнча 135 чалуу түштү;
  •  Жалпысынан ӨКМден 540 кызматкер жана 50 автоунаа ишке тартылган.

 

 Маалыматты  COVID-19 боюнча  Республикалык штаб таратты

15:55 28.05.2020

Ысык-Көлдөгү обсервация жайларында жалпы 109 киши жатат, анын 44ү медицина кызматкерлери. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда билдирди.

 

Врач Илья Чайников в инфекционной больнице РЖД-Медицина - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө обсервацияда 109 киши жатат, анын 44ү медик
13:40 28.05.2020

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 5 млн.  695 миӊ 968 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 355 миӊ 701 адам каза болду.

 

  • АКШ – 1 699 933  (каза тапкандар – 100 442)
  •  Бразилия – 411 821  (каза тапкандар – 25 598)
  •  Россия – 370 680  (каза тапкандар – 3 968)
  •  Улуу Британия – 268 619  (каза тапкандар – 37 542)
  •  Испания – 236 259  (каза тапкандар – 27 117)
  •  Италия – 231 139  (каза тапкандар – 33 072)
  •  Франция – 183 038  (каза тапкандар – 28 599)
  •  Германия – 181 524  (каза тапкандар – 8 428)
  •  Түркия – 159 797  (каза тапкандар – 4 431)
  •  Индия – 158 415  (каза тапкандар – 4 534)

 

  Маалыматты COVID-19 боюнча Республикалык штаб даярдап таратты. 

12:50 28.05.2020

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев вирустан коргонуу үчүн ысыкта кол кап кийгенде кол тердеп, жумшарып, теринин сырткы катмары микробдон коргобой каларын айтты.

 

Руководитель отдела программы образования Республиканского центра укрепления здоровья Сагынбек Уезбаев - Sputnik Кыргызстан
Уезбаев: вирустан коргонуу үчүн кол кап кийген туура эмес
11:33 28.05.2020
11:32 28.05.2020

“Бүгүнкү күндө биздин адистер 32 мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунда иштеп жатышат. 142 ветеринардык инспектор ишке тартылып, транспорт каражаттары менен жүктөргө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшүүдө. Кол жүктөрдү текшерүү учурунда санитардык талаптарды сактабаганы үчүн 30 бузуулар аныкталды”, - деп билдирди ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов.

Анын маалыматы боюнча 49363 автоунаанын жана 77500 кол жүктөрдүн санитардык талаптарга дал келүүсү текшерилди.

11:31 28.05.2020

Коронавирусту качан жана кайдан жуктуруп алганын билбей өздөрү ооруканага кайрылган учурлар көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

 

Заседание Республиканского штаба по обсуждению ситуации в Нарынской области в связи коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Боронов: вирустун очогу көбөйүп, медиктерге өзү кайрылгандардын саны өстү
11:23 28.05.2020

Коронавирус аныкталган бейтаптар акыркы эки жумада кайда болгонун, кимдер менен байланышканын билбей калышууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 жуктургандар менен жакын байланышта болгондорду табуу үчүн болгон күч-аракет жумшалып жатат.

"Вирус жуктурган адамдын акыркы эки жумада кайда барып, ким менен жолукканын аныктоо маанилүү. Андыктан байланышта болгондор тыкыр иликтенип, аларды издеп табуу иштери токтобойт. Табылгандары үй карантинге же обсервацияга алынат", — деди Үсөнбаев.


 

11:15 28.05.2020
10:46 28.05.2020

Коронавирус жуктургандардын арасында 450 учур сырттан келгендердин катталган. Бул жалпы ооругандардын 30 пайызын түзөрүн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Облустардагы сырттан келген бейтаптар:

  • Бишкек шаары — 38 пайыз;
  • Чүй облусу — 11 пайыз;
  • Жалал-Абад облусу — 13 пайыз;
  • Ош шаары — 9 пайыз;
  • Ош облусу — 15 пайыз;
  • Нарын облусу — 19 пайыз;
  • Ысык-Көл облусу — 1 пайыз;
  • Баткен облусу — 2 пайыз.
10:34 28.05.2020

Өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 12 кишинин абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта коронавирус жуктуруп алган 512 бейтап ооруканада.

10:11 28.05.2020

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктурган 23 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Бишкек шаарында 9, Нарын облусунда 12, Жалал-Абад облусу менен Ош шаарында бирден бейтап сакайды", — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 1066 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

10:08 28.05.2020

Бүгүн Кыргызстанда 74 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаарында 21 кишиден чыкты. Анын 10у Россиядан келген курсанттар. Чүй облусунда бирөө болсо, Ош шаарында 35 кишиден аныкталды. Ош облусунда төрт, Нарын облусунда 13 киши вирус жуктуруп алганы такталды.

Ушуну менен жалпы жонунан Кыргызстанда COVID аныкталган 1594 учур катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0