Азайбай жатат! Бүгүн 74 кишиден коронавирус чыкты

© AFP / BENOIT TESSIERКоронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери
Коронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагына киргизилген өзгөчө абал жоюлганы менен өзгөчө кырдаал күчүндө. Бийлик тартипти сактоого чакырууда.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 74 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ноутбук менен иштеген киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Үйдө отуруп иштөөнүн күнгөйү менен тескейи айтылды
Бишкек шаарында 21 кишиден чыкты. Анын 10у Россиядан келген курсанттар. Чүй облусунда бирөө болсо, Ош шаарында 35 кишиден аныкталды. Ош облусунда төрт, Нарын облусунда 13 киши вирус жуктуруп алганы такталды.

Ушуну менен жалпы жонунан Кыргызстанда COVID аныкталган 1594 учур катталды.

Учурда өлкө аймагындагы абал тууралуу кабардар болуу үчүн редакция жүргүзгөн тексттик трансляцияга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0