Министрлик: COVID-19 жуктургандар ким менен байланышта болгонун билбей жатышат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДарыгерлер бейтапты реанимация бөлүмүнө жеткизип бара жатат. Архив
Дарыгерлер бейтапты реанимация бөлүмүнө жеткизип бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус аныкталган бейтап менен байланышта болгондорду табуу үчүн министрлик болгон күч-аракет жумшаларын билдирди.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Коронавирус аныкталган бейтаптар акыркы эки жумада кайда болгонун, кимдер менен байланышканын билбей калышууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 жуктургандар менен жакын байланышта болгондорду табуу үчүн болгон күч-аракет жумшалып жатат.

"Вирус жуктурган адамдын акыркы эки жумада кайда барып, ким менен жолукканын аныктоо маанилүү. Андыктан байланышта болгондор тыкыр иликтенип, аларды издеп табуу иштери токтобойт. Табылгандары үй карантинге же обсервацияга алынат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

Аэропорттогу жүргүнчүлөр медициналык бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Облустардагы COVID-19: сырттан келген бейтаптардын статистикасы
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0