Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык. Министрлик элге кайрылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкек шаарында медициналык бет капчан жигит автобуста бара жатат. Архив
Бишкек шаарында медициналык бет капчан жигит автобуста бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары көпчүлүктү санаага салган коронавирустун экинчи толкунун айтардан мурда ага даярдыкты кантип көрүү керек деген суроонун үстүндө ойлонуу зарылдыгын баса белгиледи.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда коронавирустун экинчи толкуну боюнча пикирин айтып, элге кайрылуу жасады.

Министрдин орун басары көпчүлүктү санаага салган коронавирустун экинчи толкунун айтардан мурда ага даярдыкты кантип көрүү керек деген суроонун үстүндө ойлонуу зарылдыгын баса белгиледи.

"Күзүндө жана кышында бизде сасык тумоо сезону башталат. Бул жылы сасык тумоого каршы эмдөөнү өз убагында жасоого аракет кылып жатабыз. Мен элди эмдөөнү колдоого чакырып кетет элем. Анткени сасык тумоо өтүшүп кетсе, коронавирус сыяктуу өпкөнү жабыркатат. Бул ден соолукка зыян", — деди Үсөнбаев.

Ал элди жайында ден соолукту чыңдап, айрыкча балдарды күнгө күйгүзүп, таза абага көбүрөөк алып чыгууга чакырды.

"Ден соолугуӊарга көӊүл буруп, оорулар өтүшүп кетпеш үчүн иммунитетти жайында чыӊдагыла. Өзгөчө өнөкөт оорулары бар улгайган адамдарга диспансердик иштерди жүргүзүү керек. Бардык ооруларды кийинкиге калтырбай, убагында дарылаӊыздар", — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боронов: вирустун очогу көбөйүп, медиктерге өзү кайрылгандардын саны өстү
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0