Шаардык парк муниципалдык ишканасынын башчысы Калича Умуралиеванын архивдик сүрөтү

Калича Умуралиеванын иш бөлмөсү тинтүүгө алынды. Чоо-жайы

411
(жаңыланган 21:24 28.05.2020)
Буга чейин ЖМКлар Калича Умуралиева пара алып жатып кармалганын жазышкан. Маалымат чындыкка дал келбей калды.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Шаардык парк" муниципалдык ишканасынын башчысы Калича Умуралиеванын иш бөлмөсү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Эрик Ирискулбеков журналисттерге билдирди.

Ал ЖМКлардын Умуралиева пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү деген маалыматын четке какты. Анын айтымында, кабинеттен атайын белгиси бар акча табылган эмес. Юрист УКМКнын шаардык бөлүмүндөгү материалдар менен таанышуу керектигин кошумчалады.

Умуралиеванын өзүнүн айтымында, ага 237-берене ("Коммерциялык сатып алуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

"Арызды Тажибаев аттуу жаран жазган экен. "Ынтымак" паркында велосипеддерди ижарага берүү боюнча коммерциялык түйүн ачкысы келген. Июнь айына 25 миң сом төлөө керек эле, бирок Тажибаев эки айга 50 миң сом төлөгөн. Келишим алдын ала төлөм алууга жол берет. Тажибаевди тааныбайм. Эмнеге кылмыш иши ачылгандыгын түшүнбөй турам", — деп билдирген Умуралиева.

Анын айтымында, буга чейин прокуратура парктагы жерлерди арендага берүүгө болбой турганын айтып, эскертүү берген. Мындан улам Умуралиева Жарандык кодекстин негизинде парктардын аймагында коммерциялык ишмердүүлүккө жол берген келишимдерди иштеп чыккан.

411
Белгилер:
кылмыш иши, УКМК, Калича Умуралиева
Тема боюнча
Садыр Жапаровдун эжеси Польшадан кармалды
Ысык-Көлдө прокурордун жардамчысы 150 миң сом пара алып жатып кармалды
Блок-посттогу ИИМ кызматкерлери. Архив

Баткенде бүгүн киргизилген катуу чектөөлөр кайрадан алынды

148
(жаңыланган 21:45 28.09.2020)
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Алардын көбү Баткен облусунан чыгууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Баткен облусунда курчуган эпидемиологиялык кырдаалдан улам бүгүн киргизилген бир нече чектөөлөр бир сутка өтпөй жоюлуп, республикалык штаб бир нече тармактын иштөөсүнө кайра уруксат берди. Бул тууралуу аталган штаб кабарлады.

28-сентябрда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечимдер, республикалык штабдын тапшырмасы менен кайрадан каралып чыккан.

Эске салсак, бүгүн Баткенде облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттун каттамы убактылуу токтотулган. Мал базарлардын иштебей, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окулбай турганы айтылган эле.

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

"Анда жер-жерлерде, райондук администрация жана шаардык мэрияларга кайрылган коомдук транспорттун айдоочуларынын жана жергиликтүү тургундардын кабыл алынган чектөөлөр, алардын турмуш шартына түздөн-түз таасир этери айтылган. Коомдук транспорттун, мал базарларын жана мечиттердин кадимки нукта иштөөсүнө уруксат сурап, бардык санитардык талаптарды сактай тургандыктарын айтып кайрылган сунуштары эске алынды", — деп жазылган маалыматта.

Мындан улам облустук штаб маселени кайра карап чыгып, санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берген.

"Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү бет кап режими жана той-аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды. Ал эми базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт", — деп билдиришти штабдан.

Вирус күчөп бараткан Баткендин экинчи толкунга даярдыгы кандай

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

148
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика
Баткенде санитардык талаптарды аткарбагандарга айып салынды. Арасында 9 мамкызматкер бар
COVID-19га каршы россиялык Спутник V вакцинасы. Архив

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

26
(жаңыланган 21:15 28.09.2020)
Клиникалык изилдөөлөр Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Эмдөө 1-октябрда башталмакчы.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. COVID-19га каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы Беларуска алып келинди. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд билдирди.

Фонд бул азырынча дүйнө боюнча катталган бирден бир вакцина экендигин айтты. Аны клиникалык изилдөө жасоо үчүн Россиянын жер-жерлерине жеткиришкен, эми бул процедураларга Беларусь кошулду. Ал препаратты алган биринчи чет мамлекет болуп калды.

Клиникалык изилдөөлөрдүн Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Ыктыярчыларды эмдөө 1-октябрда башталмакчы. Фонд 100 киши катышкан Беларустагы клиникалык изилдөөнү каржылап бермекчи.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Фонддон мындай иш-чараны Бразилия, Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргүзүү пландалып жаткандыгын айтышты.

Вакцина суроо-талап жаралып, КМШнын, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Латын Америкасын кошкондо 50 мамлекеттен арыз түшкөн.

Буга чейин аталган фонд макулдашуунун негизинде өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, Мексикага 32 миң, Бразилияга 50 миллион, Индияга 100 миллион, Өзбекстанга 35 миллион доза берилерин айткан эле.

26
Белгилер:
Россия, вакцина, Беларусь
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет