Нарында COVID менен күрөшкөн медиктерге 12 млн. сомдон ашык каражат төлөндү

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял бир миң сомдук купюраларды кармап турат. Архив
Аял бир миң сомдук купюраларды кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Март айында облус боюнча 495 медицина кызматкери коронавирус очогунда иштеп, 2 миллион 620 миң сом алса, апрелде 10 миллион сомдон ашык чыккан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Нарын облусунда коронавирус менен күрөшкөн медиктерге 12 миллион сомдон ашык кошумча акы төлөнүп берилген. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сыйнагүл Шамеева билдирди.

Анын айтымында, бул каражат март, апрель айларына кошумча акы катары каралган.

"Март айында облус боюнча 495 медицина кызматкери коронавирус очогунда иштеп, 2 миллион 620 миң сом төлөнсө, апрелде 639 медицина кызматкери 10 миллион 344 миң сом кошумча акы алышты", — деди Шамеева.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында 22 аялдын төрөт бөлүмдүн эшигин талкалап чыгып кетиши боюнча иш козголду
Ал "коргонуучу каражаттын жетишсиздигинен медкызматкерлер коронавируска көбүрөөк чалдыгып жатышат" деген маалыматты төгүндөгөн.

"Оору алгач башталганда коргонуучу костюмдарды табуу кыйын болду. Аргасыздан тигүү цехтерине тиктире баштаганбыз. Кийин өкмөт тендерсиз эле коргонуучу формаларды, антисептик, бет каптарды сатып алууга уруксат берген. Учурда баары жетиштүү", — деди ал.

Нарын облусу өлкө боюнча коронавирус көп катталган аймактар арасында үчүнчү орунда турат. Бул аймакта вирус жуктургандардын саны 300дөн ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0