Ош шаарында тез татым жайларынын санитардык абалы текшерилди

Коронавирусту жеңчү күн барбы? Өлкөдөгү кырдаал боюнча сүрөт, видео баяндама

360
(жаңыланган 22:39 29.05.2020)
Коронавирус өлкөдө бир топ аткаминерди да ээрден алып түшмөй болду. Эпидемиологиялык абалды жөндөй албагандар чекесинен кызматтан кол жууп кете баштады. Нарында дал ушул себеп менен үч жетекчи кызматтан кетти.

Вирустуу инфекция менен күрөш Кыргызстанда уланууда. Бактыга жараша, андан айыккандар көп. Бөбөктөрдүн ичинен 200дөй учур катталса, анын дээрлик 98 пайызы сакайган. Бирок сүйүнүүгө али эрте. Анткени күн сайын бейтаптар менен байланышта болгондордон вирус чыгып жатат.

Кыргызстан коронавирус менен кантип күрөшүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик, сүрөт жана видео баяндамасынан окуп, көрө аласыздар.

Жаңы билдирүү
  • 22:39

    Коронавирус боюнча күндүн жыйынтыгы 29.05.2020

  • 16:36

    “Ардактуу турист” наамын кантип алса болот?

    “Ардактуу турист” наамын кантип алса болот?

  • 16:35

    Бүгүн Түштүк Корея Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирип берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

     

    Государственный флаг Южной Кореи на международном форуме Алтайская цивилизация и родственные народы алтайской языковой семьи

    Түштүк Кореядан жардам иретинде ПЦР-тесттер келди

    COVID-19 коронавирусу менен күрөшүүнүн алкагында жардам иретинде Түштүк Корея Кыргызстанга 300 миң доллар бөлүп, ага ПЦР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды.
    Дагы
  • 16:34

    Ысык-Көл облусуна кирип бара жатканда туристтер үчүн эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

     

    Ысык-Көл облусуна кирип бара жатканда туристтер үчүн эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

     

    Блокпост у входа на биосферную территорию Иссык-Куля

    Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат

    Былтыр чет элдик туристтерден 613 миллион доллар киреше түшкөн. Пандемияны эске алганда быйылкы кирешенин 40-60 пайызынан куру каларыбыз күтүлүүдө.
    Дагы
    Блокпост у входа на биосферную территорию Иссык-Куля

    Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат

    Былтыр чет элдик туристтерден 613 миллион доллар киреше түшкөн. Пандемияны эске алганда быйылкы кирешенин 40-60 пайызынан куру каларыбыз күтүлүүдө.
    Дагы
  • 15:01

    Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эпидемиологиялык абал жакшырып калды. Ооруну убагында токтотуп калууга жетиштик. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

     

    Бир айылдан эле 30дан ашык киши COVID жуктурган. Чаткалда азыр абал кандай?

    Аталган райондо жалпы 38 кишиден коронавирус табылган. Анын баары Каныш-Кыя айылынын тургундары экени айтылды.
    Дагы
  • 15:01

    Кайсы тармактар жакын арада иштебейт? Тизме

    Республикалык штаб карантиндик чектөөлөр кыскартылып бара жатканына карабай, тыюу салынган тармактар бар экенин айтып, тизмесин берди.

    Азырынча төмөнкүлөр ишин жандандыра албайт:

    маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
    көңүл ачуучу мекемелер;
    балдар оюн-зоок жайлары, оюн аянтчалары;
    интернет-клубдар, ошондой эле компьютердик оюн жайлары;
    кинотеатрлар;
    соода борборлорунда жайгашкан тамактануу жайлары;
    билим берүү борборлору (эгер санитардык-гигиеналык нормалар сакталып, андагылар аралыкты сактаса уруксат берилет);
    шаар жана аймактар арасында элди автобус жана чакан автобус менен ташуу.


     

  • 15:00

    Күзүндө жаңы окуу жылын реалдуу режимде, мектептен эле улантууга даярданып жатабыз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

     

    Окуучулар күзүндө да аралыктан окумай болдубу? Министрликтин жообу

    Буга чейин айрым ЖМКлар жаңы окуу жылы дистанттык тартипте улантылышы ыктымал экенин жазышкан. Министрлик бардык иштер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечилерин белгиледи.
    Дагы
  • 11:44

    1-июндан баштап иштечү тармактар. Тизмеси

    Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда 1-июндан баштап ишке кирчү тармактарды санап берди.

    Алар:

    бардык өндүрүш тармактары;
    калган тамак-аш жана күнүмдүк турмушка керектүү буюм-тайымдарды саткан дүкөндөр;
    бардык калкты тейлөө борборлору;
    аудит жана консалтинг компаниялары;
    рекламалык агенттиктер;
    эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый жайлар.


     

  • 11:07

    Кыргызстан боюнча COVID-19 чыккан райондордун тизмеси

  • 11:06

    Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 467 адам жатат

  • 11:04

    Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды


    • Бишкек ш. – 3
    • Ош шаарында – 1

    Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 330 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер айыгып чыккан.

  • 10:06

    68 киши коронавирус жуктуруп алды

    Бишкек ш. – 9 + 26 Россиядан келген курсанттардан
    Чуй облусу - 5
    Ош ш. – 2
    Баткен облусу - 1
    Нарын облусу - 4
    Россиядан келгендерден - 21, алардын ичинен 11 кош бойлуу аял, 10 студент

  • 10:04

    Бир сутка ичинде ооруканадан 22 киши чыгарылды
    Бишкек ш. – 16
    Ош облусу - 1
    Нарын облусу - 5

  • 09:51

    Нарында COVID менен күрөшкөн медиктерге 12 млн. сомдон ашык каражат төлөндү

    Нарын облусунда коронавирус менен күрөшкөн медиктерге 12 миллион сомдон ашык кошумча акы төлөнүп берилген. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сыйнагүл Шамеева билдирди.

    Анын айтымында, бул каражат март, апрель айларына кошумча акы катары каралган.

    "Март айында облус боюнча 495 медицина кызматкери коронавирус очогунда иштеп, 2 миллион 620 миң сом төлөнсө, апрелде 639 медицина кызматкери 10 миллион 344 миң сом кошумча акы алышты", — деди Шамеева.

360
Белгилер:
карантин, кырдаал, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1718)
Тема боюнча
Коронавирусту ооздуктай албай... Нарында бир катар жетекчилер кызматтан кетти
Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык. Министрлик элге кайрылды
Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат