Акыркы суткада 11 кош бойлуу келин коронавирус жуктурганы аныкталды

© AFP / YOSHIKAZU TSUNOКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-майда Москвадан Бишкек шаарына 372 кыргызстандык атайын каттам менен учуп келген. Ичинен 319у кош бойлуу аялдар эле.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган 68 адамдын ичинен 11и кош бойлуу келиндер. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Россиядан келгендердин арасынан 21 адамдын ичинен коронавирус аныкталды. Ошолордун ичинен 11и боюнда бар аялдар”, — деди Үсөнбаев.

Эске салсак, 26-майда Москвадан Бишкек шаарына 372 кыргызстандык атайын каттам менен учуп келген. Ичинен 319у кош бойлуу аялдар эле.

Кыргызстанда кырдаал кандай нукта өнүгүп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0